“МУГАЛИМДИН СТАТУСУ” ЖӨНҮНДӨГҮ МЫЙЗАМ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА КОЛДООГО АЛЫНДЫ

  • 23.03.2023
  • 0

Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессиясында мугалимдерге коммуналдык чыгымдары үчүн ар бир мугалимге 500 (беш жүз) сомдон акча каражаты бөлүнүп берилди.

“МУГАЛИМДИН СТАТУСУ” ЖӨНҮНДӨГҮ МЫЙЗАМ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА КОЛДООГО АЛЫНДЫ
Бул тууралуу Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы М.Мамасыдыков билдирди.

Анын айтымында Жалал-Абад шаарынын мэри Э.Ормоков жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Н.Орозбаев менен КРнын “Мугалимдин статусу жөнүндөгү” мыйзамын жана мугалимдерди коомдогу кадыр баркын көтөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында 2023-жылдын 6-мартында депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессиясында депутаттар тарабынан мугалимдердин кадыр баркын көтөрүү боюнча маселе каралып, ар бир мугалимге 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилген.

— Учурдан пайдалынып, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Абдижалиловичке, Жалал-Абад шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаевичке жана Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Өмүрзаковичке жалпы Жалал-Абад шаарынын билим берүү тармагында эмгектенип жаткан профсоюз мүчөлөрүнүн атынан жана жеке өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем,-деди М.Мамасадыков

Эскерте кетсек 2021-2023-жылдар аралыгына Жалал-Абад шаардык мэрия, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү, Кесиптик бирликтин Жалал-Абад шаардык комитети ортосунда “ Билим берүү кызматкерлеринин социалдык – экономикалык, укуктук кызыкчылыктарын коргоо жана тармакты өнүктүү” максатында үч тараптуу макулдашууга кол коюшкан. Жалал-Абад шаарында жалпы 1500гө жакын педагог эмгектенет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер