Мугалимдердин эмгек акысы 100 пайызга жогорулайт
- 11.03.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги билдиргендей, Садыр Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы азыркы деңгээлинен 100 пайызга жогорулайт.
Маалыматка ылайык, бул чечим мугалимдердин коомдогу статусун жогорулатууга жана өлкөнүн өнүгүшүндө педагогдордун ролун жогору баалоого багытталган маанилүү мамлекеттик кадам болуп саналат.
Министрлик эмгек акынын жогорулашы окуткан предметине карабастан бардык мугалимдерге бирдей тиешелүү болорун белгиледи.

Ошондой эле коомчулукта тараган STEM предметтеринин мугалимдеринин гана айлык акылары жогорулап, тарых, кыргыз тили, география сабактарын окуткан мугалимдердин айлыгы көбөйбөйт же бул предметтердин сааттары кыскартылат деген маалыматтар чындыкка дал келбей турганы айтылды.
Агартуу министрлиги мектептеги ар бир мугалим келечек муунду тарбиялоо аркылуу мамлекеттин стратегиялык миссиясын аткарып жатканын баса белгилейт.
Комментарийлер