МУГАЛИМДЕРДИН АЙЛЫГЫНДАГЫ АЙЫРМА КЫСКАРТЫЛАТ
- 07.04.2026
- 0
Агартуу министрлиги мугалимдердин айлык акысындагы айырманы кыскартуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу Агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Чолпон Эсенаманова 2022-жылдын 30-мартындагы №181 токтомго ылайык мугалимдердин эмгек акысы предметине карабастан тең шартта төлөнүшү каралганын эске салды. Анын айтымында, бул токтом кабыл алынганга чейин ар түрдүү предмет мугалимдеринин негизги айлык акысы бирдей болгон.
Депутат учурда жалпы билим берүүчү сабактардын мугалимдери, ошондой эле математика, физика, химия жана биология сабактарынын мугалимдери болжол менен 27 миң сом айлык аларын белгиледи. Бирок кошумча төлөмдөрдү эске алганда айырмачылык кыйла чоң болуп жатканын айтты.
«Кайсы сабакты окутпасын, ар бир мугалим келечек муунду тарбиялоого жана билим берүүгө бирдей салым кошот. Бул жагдайды кантип жөнгө салып жатасыздар?» — деп сурады ал.
Ошондой эле Эсенаманова мугалимдердин 27 сааттык жүктөмүнө жараша айлык акыны жогорулатуу маселеси боюнча кайрылуулар көп болуп жатканын айтып, жакынкы убакта кандай өзгөрүүлөр болорун тактады.
Өз кезегинде Мухтарбек Баймурзаев мугалимдердин айлык акысында предметке жараша коэффициенттер аркылуу айырма бар экенин билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылдагы токтом STEM багытындагы — физика, химия жана математика мугалимдерин көбөйтүү жана тартуу максатында кабыл алынган. Ал эми быйыл айлык акыны жогорулатуу бардык мугалимдер үчүн каралууда жана ал белгилүү бир предметтерди өзүнчө бөлбөйт.
«Айлык акыны 100 пайызга жогорулатуу милдети коюлган. Учурда Каржы министрлиги менен биргеликте жаңы токтом долбоору иштелип чыгууда. Биз мугалимдердин ортосундагы айлык акы айырмасын кыскартуу боюнча иш алып барабыз», — деди ал.
Мындан тышкары, ал айлык акыдагы айырма коэффициенттерден тышкары мугалимдин жүктөмүнө жана эмгек стажына да байланыштуу экенин белгиледи. Мисалы, башталгыч класстардын мугалимдеринин максималдуу жүктөмү 16 саат болсо, жогорку класстардын мугалимдеринин жүктөмү мектептин шарттарына жараша көбүрөөк болушу мүмкүн.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер