Мугалимдердин эмгек акысы 100 пайызга жогорулайт!

  • 25.12.2025
  • 0

Кубанычтуу кабар!

Мугалимдер үчүн тарыхый чечим кабыл алынды айлык маяна 100 пайызга жогорулайт!

Бул жагымдуу жаңылыкты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр  Жапаров Элдик Курултайда сүйлөгөн сөзүндө жарыялады.

«Жакында эле Министрлер кабинетинин башчысы айлык акылар 50%дан кем эмес көтөрүлөрүн билдирген. Кечээ менин кабинетимде жыйын болуп, президенттин кошумча 15 миң сом компенсациясын киргизүү менен айлык акыны орто эсеп менен 100% көтөрсөк болот деп чечтик»,-деди мамлекет башчысы.

Президенттин айтымында, бүгүнкү күндө мугалимдердин айлыгы орто эсеп менен 26 миң сом, апрель айында көтөрүлгөндөн кийин орточо эсеп менен 52 миң сомду түзөт. Мугалимдердин эмгек акысы алардын билим деңгээлине, педагогикалык тажрыйбасына, квалификациялык категориясына, окутуу аймагына, предметине жана жумалык жүктөмүнө жараша болот.

Шаардагы педагогикалык орто билими бар, бирок мугалимдик стажы жок жаңы мугалимдин эмгек акысы апрель айынан тарта 36 миң 800 сом, колуна тийгени 31 миң 200 сом болот.

Аймактык коэффициенти 1,8 болгон бийик тоолуу аймакта иштеген, 30 жылдан ашык иш стажы бар математика мугалими учурда 65 миң 800 сом алса, жаңырган жылы апрелден тарта анын маянасы 97 миң 600 сомго чейин көбөйөт.

Мамлекет башчысы билим берүүнү өлкөнүн келечегин аныктаган башкы багыт катары белгилеп, мугалимдин эмгегин татыктуу баалоо улуттук приоритет экенин баса белгиледи. Бул кадам агартуучулардын кадыр-баркын көтөрүп, билим сапатын жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөрү талашсыз.

Бөлүшүү

Комментарийлер