МУГАЛИМ — ЖАН ДҮЙНӨНҮН АЧКЫЧЫ
- 07.10.2024
- 0
Нарын районундагы Кызыл—Жылдыз айылындагы Маамыткан Иманалиев атындагы орто мектебинде эмгектенип, ардактуу эс алууга чыгып кеткен ардагер мугалимдерди билим берүүнүн түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулган «Мугалим — жан дүйнөнүн ачкычы» аттуу иш—чара өткөрүлдү.
Маамыткан Иманалиев атындагы орто мектебинин директору Мирзат Мамбетованын берген маалыматына таянсак, иш-чарага айылдан чыккан республикабыздын ар тарабында эмгектенип жаткан лидер бүтүрүүчүлөр агай-эжейлерин куттуктап, баалуу белектерин тапшырып, мектепке акчалай жардам көрсөтүштү.
— Лидер бүтүрүүчүлөр «Өз мектебиңди колдо» деген акциянын негизинде жардам көрсөтүштү. Жолугушууда 9-10-11-класстын окуучулары менен лидер бүтүрүүчүлөр арасында тегерек үстөл үстүндө жылуу маектешүү уюштурулду. Ардагер агай-эжейлерге (жалпы он сегиз) Жыргалаң санаториясына беш күндүк эс алууга путевка ыйгарылды. Дагы бир чоң саамалык болду. Ата-энелер комитеттеринин төрайымдары, төрагалары азыркы учурда иштеп жаткан мугалимдерди куттукташты. Лоторея ойнотуп, андан сырткары белектерди тапшырышты, — дейт директор.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер