МУГАЛИМ УУЛУМА НАСААТ (ЭССЕ)

  • 28.02.2020
  • 0

       Мугалим сабакта сабакты гана сүйлөшү керек

Бир эжей дайыма сабакта «баланчаны  мен окуткам, түкүнчөнү мен окуткам» деп мактана берчү. Бир күнү тапан классташыбыз  көчөдөгү  эшекчен карыяны көрсөтүп: «Эжей,  Бекбала чалды да сиз окутту белеӊиз?» десе болобу!   Эжей эмне дээрин билбей калган…

Мындай окуялар бизде көп болчу.   Жалкоолонгондо бир агайыбыздан «Агай, кечиндеги  фильмди түшүнбөй калдык» десек,  байкуш агайыбыз  бизге түшүндүргөнчө, танапис болуп калчу. Кийин мектептен мындай мугалимдерди көп көрдүм. Айрыкча жаш мугалимдерден окуучулар студенттик турмушу жөнүндө айтып берүүсүн өтүнүшөт. Окуучуларга эмне, эптеп убакыт өтсө болду. Бир даарына мугалимдин сабак өткөнүнө караганда, сүйлөп бергени жагат.

Бирок алар да кийин түшүнүшөт. Ошондо өзүнүн, мугалимдин катасын сезишсе керек. Муну ар бир мугалим эсинен чыгарбоого тийиш.

Сухомлинский айткандай, эӊ коркунучтуу нерсе —  бул партада отурган баланын күн сайын алты саатка созулуп, айларды, жылдарды уурдаган бекерчилиги. Кийин ошол жоготуулардын ордун эч нерсе менен толтурууга болбойт. Ошондуктан сабакта сабактын гана сөзү сүйлөнүшү керек.

       Сабакка кантип даярдануу керек?

Сабакка даярдануунун атайын иштелип чыккан жол жобосу деле жок. Ошентсе да алгач өтүлүүчү сабактын темасын, качан, кайсы класста өтүлөрүн тактап ал. Ошондой эле  окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүн, билим  деӊгээлин, өтүлүүчү теманын мазмунуна жараша кошумча материалдарды топтоону, сабактын тибин жана аны өтүүнүн формасын, сабактын максатын жана милдеттерин туура пландаштырууну унутпа.

Сабакка керектүү техникалык каражаттарды, көрсөтмө куралдарды, дидактикалык материалдарды алдын ала даярдап ал. Мына ушундан кийин гана сабактын планын жазууга кириш. Мугалимге сабакка даярданыш үчүн күн сайын бир, эки саат кетет. Сабакка шашпай даярдан. Мүмкүн болушунча, убакытты туура пайдалан.

        Даярдыксыз сабак — сабак эмес

Завуч катары мугалимдердин конспектисине  кол коюшум керек. Толук карап чыгууга мүмкүнчүлүгүм болбосо да, бир көз чаптырганда эле,  мугалимдин  даярдыгы кандай экенин  билип коем. Сабакка шашпай даярданган  мугалимдики талапка ылайык жазылат. Андай мугалимдер шыр басып келип кол койдурат.

Айрымдар беш саат сабагына  бир  план жазып келип,  кол койдуруп калууга  аракет кылат. Кээ бирлер завучтан кутулуш үчүн эптеп-септеп чиймелеп келишет. Андайлар  сурамайын кол койдурушпайт. Класстык журналды алып чыгып кеткенче шашат.

Ал эми  жазбай келгендер эшиктен акырын кирип, завучту, мугалимдерди сөзгө  алаксытып, класстык журналды алып,  сыртка жылт коет.  Сабактан кийин айтсаӊ, жок шылтоолорду таап же кечирим сурап кутулушат.

Айрымдар  «Мени эле көрө калдыңызбы? Башкалар дале жазбай келишет ко! Аларга эмне унчукпайсыз?»  деп каяша айтуудан тартынышпайт.

Менимче, сабактын конспектисин мугалим директорго же завучка көрсөтүш үчүн эмес, өзү үчүн жазууга тийиш. Ар бир мугалимдин даярдыгын  карап чыгууга завучтун мүмкүнчүлүгү жетпейт. Завучтун  «Карап чыктым» дегенин  « сабак берүүгө уруксат» деген таризде түшүнүү керек. Бул ишенимди ким кандай пайдаланат, маселе ушунда.

Чынында, даярдыксыз сабак —  сабак эмес. Конспект жазуунун мааниси чоӊ. Конспект жазуу менен мугалимдин ишке болгон жоопкерчилиги артат, унутуп калган маалыматтар эсине түшөт, жаӊы маалыматтарга ээ болот, сабакты жаӊыча өтүүнү пландаштырат, жаӊы ойлор, идеялар жаралат,ишке болгон жигердүүлүгү, чыгармачылыгы  артат, билими жаӊыланып, адистик чеберчилиги жогорулайт, эптеп-септебей сабакты ырааттуу өтөт, окуучулардын предметке болгон кызыгуусу артат, билим сапаты жогорулайт.

Улуу педагог Сухомлинский «Мугалим жакшы сабакка өмүр бою даярданат» деп жөн жерден айтпаган. Сабакка даярдануу жана план, конспект  жазуу — ар бир мугалимдин кесиптик милдети.

       Сабактын тибин туура тандап ал

Мугалим сабактын тибин жана уюштуруу формасын туура тандап алуусу керек. Илимий  адабияттарда сабактын тиби тууралуу көптөгөн көз караштар айтылат. Мен  Исак Бекбоевдин көз карашын негиздүү деп эсептейм. Ал  сабакты төмөнкүдөй  аралаш сабак, жаӊы билимдерди өздөштүрүү сабагы, бышыктоо сабагы, кайталоо же жалпылоо сабагы, проблемалуу сабак, билимдерди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү өлчөө жана баалоо сабагы деген типтерге бөлөт.

Аралаш сабак окутууда көп колдонулат. Бул сабак өтүлгөн сабактын материалдарын кайталоо, жаӊы билимдер менен тааныштыруу, өтүлгөн сабакты бышыктоо, бекемдөө, баалоо сыяктуу максаттарды чечүүнү көздөйт.

Жаӊы билимдерди өздөштүрүү сабагын мугалимдер көбүнчө киришүү сабагы катары колдонуп жүрүшөт. Бул сабак бүтүндөй бир бөлүмдү окуп үйрөнүүнүн башында же бир маанилүү теманы же бир маанилүү проблеманы окутууда колдонулат.

Бышыктоо сабагы көбүнчө бүтүндөй бир бөлүмдү аяктаганда же бир теманы бышыктоодо өтүлөт. Кайталап калыбына келтирүүчү бышыктоодо мугалим талкуу, таймаш сабактарына басым жасаса, көнүктүрүүчү бышыктоодо көнүгүүлөрдү иштөөгө, лабораториялык-практикалык тапшырмаларды аткарууга, карта жана контур карталар менен иштөөгө өзгөчө көӊүл бурат. Чыгармачылык бышыктоодо окуучулар эксперменттерди жүргүзүп, моделдерди, долбоорлорду түзөт. Окуучулар дилбаян, рефераттарды жазышат, талкуулашат.

Кайталоо же жалпылоо сабагы адатта окуу жылынын башында же аягында бир бөлүмдү, бир курсту аяктаганда өтүлгөн материалдарды кайталоо, жалпылоо максатында бир же бир нече сабак катары өтүлөт.

Сабак проблемалуу же проблемалуу эмес мүнөздө өткөрүлүшү мүмкүн. Проблемалуу сабакта окуучулар кандайдыр бир көйгөйлөрдү аныкташып, аны четтетүүнүн жана чечүүнүн жолдорун сунушташат. Мисалы,  Жаран таануу сабагында 9-класстын окуучулары айылдагы жумушсуздуктун себептерин аныкташып, аны четтетүүнүн бир нече жолдорун иштеп чыгышса, химия сабагында 10-класстын окуучулары нефтинин пайдалуу жана зыяндуу жактарын анализдеп, зыяндуулугун чектетүү боюнча сунуштарын беришет.

Мугалим ар бир сабакта окуучулардын билимин өлчөй жана баалай билиши керек. Бирок бул максатты жүзөгө ашырууга тикеден-тике багытталган атайын сабактар да өтүлөт. Адатта бул типтеги сабактар да чоӊ бөлүм окулуп бүткөндө, чейректердин же окуу жылынын соӊунда өткөрүлөт. Ал окуучулардын академиялык жетишкендиктерин аныктоо, кем өксүктөрүн түзөтүү, өркүндөтүү багытында андан аркы иш чараларды белгилөө үчүн бөтөнчө маанилүү. Мындай сабактар жат жазуу, дилбаян жаздыруу, текшерүү иш же тест алуу формасында болушу мүмкүн.

Сабактын тибин тандап алгандан кийин, мугалим сабакты өтүүнүн формасын туура тандап алууга тийиш. Сабак —  окутуунун, тарбиялоонун негизги формасы. Бул жерде сөз сабактын формасы эмес, сабакты өтүүнүн формасы тууралуу болуп жатат. Сабакты өтүүнүн формасы —  көп түрдүү. Алсак, сабак-лекция, сабак-талкуу, сабак-таймаш, сабак-экскурсия, сабак-семинар, сабак-аукцион, сабак- сахна, салттуу сабак, интерактивдүү сабак ж.б.у.с.

Сабак өтүүнүн тигил же бул формасын тандап алуу мугалимдин чыгармачылык көрөңгөсүнө жараша болот.

Акчал Атагулов, Талас облустук чет тилдер лицей-комплексинин мугалими

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер