“МУГАЛИМ – ӨЛБӨС КЕСИП”

  • 07.10.2020
  • 0

Пенсияга чыккан педагогдордун эрмеги эмне? Эс алууга чыкса дагы коомдук иштерге активдүү катышып, ошол эле учурда балдарга шахмат үйрөтүп келаткан белгилүү педагог Чолпонбек Тиленбаевдин тажрыйбасы бардык агартуучуларга өрнөк боло алат.

“МУГАЛИМ – ӨЛБӨС КЕСИП”

– Эс алууга чыккан мугалимдер өзүнүн интеллектуалдык формасын кармаш үчүн мектептен сырткары жерде деле окутуучулук ишин улантып, башка дагы коомдук иштерге жигердүү катыша бериши канчалык маанилүү экенин сиздин тажрыйба жакшы көрсөтүп турат. Пенсияга чыккандан кийин кандай иштер менен алек болдуңуз?

– Нарындын шартында иштеп келген адамдар пенсияга эрте чыгышат эмеспи, менин иш-тажрыйбама жана дараметиме ылайыктуу жумуш чыгып калабы деп, пенсияга чыкпастан 2-3 жолу аракет кылып көрдүм. Бирок, менин оюмдагы жумуш ылайык келген жок, мага сунушталган жумуштарды мен жактырган жокмун. Натыйжада, Нарындын шартынан эки жыл кечирээк эс алууга чыктым.

Пенсияга жаңы чыккан адамдардарда жашоо мүнөзү кескин өзгөрүп, мурдагы жашоо ыгы кайрадан каралып чыгат экен. Жашоо ыргагы жумуш менен байланышып, баскан-турганың, турмуш-тиричилик ага жараша ыңгайлашат эмеспи. Эс алууга чыкканда жашоо нугу өзгөрүп, мурда маани бербей жүргөн ден соолуктагы айрым кемчиликтер дагы өзүн көргөзө баштайт турбайбы. Мына ушундай жагдайда жашоо нугунун багытын туура аныктоо, маанилүү болгон иштерди мерчемдүү уюштуруу, өздүк убактыңы өзүңө, үй-бүлөңө, коомго пайдалуу сарптоо негизги ролду ойномокчу.

Пенсионердин убактысы кененирээк эмеспи, өткөн-кеткендер ойго келет, баягында мындай кылганда болмок экен дейсиң. Мугалим китепке ынак эмеспи, көркөм адабият, тарыхый китептер, илимдин жетишкендиктерине, окумуштууларга арналган китептер көбүрөөк окулду. В.Синельников менен Д.Карнегинин, Г.Малахов менен П.Брэггдин китептери бир чети кызыгууну жаратса, бир чети ден соолукту жакшыртуу, жашоонун сапатын жогорулатуу боюнча мурда билип-туйбаган нерселерге көңүл бурууну камсыздады.

Мугалим, агартуучу өлбөс кесип экендигине ынандым. Билим берүү тармагында аракеттенишкен өкмөттүк эмес уюмдарда кеңеш берүүчү катары иштеп да көрдүм. «Билим берүү демилгелерин колдоо фонду» тарабынан даярдалган “Педагогикалык устакана мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнүн формасы катары” китебин кыргызчага которууга катыштым, ЮНИСЕФтин долбоору менен Бишкек шаарынын мектептеринде балдардын сабакка тартылуусун жакшыртуу үстүндө иштеп, ЮСАИДдин долбоору менен мен жашаган Алтын-Ордо конушуна чакан спорт аянтчасын жана минифутбол талаасын курууга жетиштим. 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата иш-чараларды уюштуруп келдик, балдары мыкты окуган үй-бүлөлөргө, ар кыл таланттуу балдарыбызга белек тапшырып, сый көрсөттүк. Максатыбыздын бири – балдарыбыздын келечеги алардын окуу-тарбиясына жалпы коомчулуктун, биринчи кезекте ата-эненин аракетине, салымына жараша болооруна муюган аң-сезимди калыптандыруу.

Кыргызстандын мурунку президенттери А.Акаев менен Р.Отунбаева окуп кетишкен Нарын шаарындагы №2 Чкалов атындагы орто мектепте мугалим, завуч, директор болуп 18 жылдан ашуун иштеп кеткем. Кийинки кадамдар болуп “Школа Чкалова в переходный период” китебин, андан соң айыл жериндеги мектептердин директорлоруна жардам болсун деп, кыргыз тилинде “Мектепти башкаруу жана өнүктүрүү: мыйзам, талап, тажрыйба” колдонмосун чыгардым (бир жылдан кийин 2-тому басма көрдү). Советтер Союзу мезгилинде мектеп директорлору, билим берүү органдарын башкаруу кызматкерлерине керек болгон Москвадан чыгуучу “Бюллетень нормативных актов министерства просвещения СССР”, Фрунзеде чыгарылуучу “Сборник приказов и инструктивно-методических указаний” журналдарын такай окуур элем. Андан тышкары “Справочник директора школы” көк-жашыл түстөгү китеби да бар эле. Союз тараганы андай болбой калды, жаңы дайындалган мектеп жетекчилерин маалыматтык камсыздоо жокко эсе. Мисалы, жалпы билим берүүчү мектептерде иш кагаздарын камсыздоо боюнча 2012-жылы чыккан министрликтин буйругун билбеген, укпаган, жумушунда колдонбогон директор, райББ кызматкерлери бүгүнкү күндө четтен табылат. Союз мезгилинде баланча документи жок экен деп эле далай жетекчилер жаза алышкан, кызматтан четтетилишкен эле. Же болбосо коомубузда резонансты жаратып келген ата-энесинин туура эмес диний ишениминин негизинде окууга тартылбай калган балдардын абалы. Ал көйгөй билим берүү мыйзамы, мектептин Уставы жана КР диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы (2014-20-жж.) аркылуу эле чечилет. Башкача айтканда, мектептин ишин уюштуруу багытындагы укуктук-ченемдик база жетишээрлик эле, бирок аны биздин мектеп жетекчилери жакшы билишпеси мүмкүн. Жалпы эле коомубузда кеңири орун алган укуктук нигилизмдин бир үлгүсү дээр элем. Калыстык үчүн айта кетейин, “Сапат” мекемелеринин жетекчилиги, Ош шаардык ББ башчысы (мурдагы) К.Кимсанов жакшы демилгелерди сунушташты, Ош облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту иштеп чыккан августтагы мектеп директорлорунун секция талкуусунда болсо керек эле, китепке кирген документтер негиз кылып алыныптыр. РайББ башчыларына кайрылдым эле, “Кут Билимде” деле жарыяланган, бирок китептин 2-томуна кызыгып, алып кеткендер аз эле адам болду.

– Ошол эле учурда балдарга шахмат үйрөтүп иштеп келатканыңыз өзүнчө чоң сөз кылууга татыктуу. Жакында шахматты үйрөткөн китеп жазганга жетишип жатасыз.

– 2014-жылдан баштап балдарга шахмат үйрөтүү менен алектене баштадым. Анткени Тиленбаеванын балдар шахмат борбору Бишкек шаарында ачылып иштей баштаган. Мен дагы окуучу кезимде шахмат ойноону жактырчумун, республикалык мелдештерге такай катышаар элем. 1998-жылы Нарын облБББ башчысы болуп турган кезимде мугалимдердин республикалык спартакиадасында команданы баштап келип, жалпы эсепте (волейбол, аркан тартыш, теннис ж.б. спорттун 7-8 түрү) дагы 1-орунду, шахматтан дагы 1-орунду ээлеп кеткенбиз. 1996-жылы өткөн Кыргыз Рспубликасынын 1-спартакиадасында Нарын облусунун шахмат командасы байгелүү коло медаль алганга жетишкенбиз, мен шахмат боюнча мастерликке кандидат болуп калгам.

Шахмат – көпчүлүк үчүн оюн, эс алуу, спорт, илим жана искусство. Шахмат бул илимий элементтерди камтыган, чыгармачылыкты талап кылган, өзүнчө кооздукту жаратуу мүмкүндүгү бар спорттун түрү деп ойлоор элем. Шахмат келечек муундун акыл-оюн өөрчүтүүчү курал, адамдын ойлонуу жөндөмүн өнүктүрүүгө жардам берүүчү каражат. Шахмат, жеткинчектер үчүн эң башында жөн гана окуу же оюн, ал эми убакыт өткөн сайын алар көп нерсени үйрөнө баштайт, таймаштарга катыша баштайт жана акырындап бул нерсе спортко айланат. Белгилүү болгондой спорт адамды ар тараптан өнүктүрөт жана калыптандырат, тагыраак айтканда эрктүү болууга, көздөгөн максатка жетүүгө, чыдамдуу болууга, туура чечимдерди кабыл алууга үйрөтөт. Ошондой эле шахматтын тарбиялык жактан таасир берүүсүн интеллектуалдык өнүгүү менен байланыштырсак болот. Шахмат оюну элестетүүнү өнүктүрүү менен логикалык ой-жүгүртүүнү, максатка жете билүүнү, чыдамкайлыкты өөрчүтөт. Шахмат ойногон жеткинчек өзүн туура алып жүрүүгө, жасаган иштерин анализдөөгө, өз алдынча ойлонууга, туура чечим чыгарууга, аягына чейин күрөшүүгө жана жеңилүү учурларында ызаланбоого үйрөнөт.

Академик Г.Клаустун айтуусу боюнча: “Шахмат – бул логикалык ой-жүгүртүү боюнча эң сонун мектеп болуп саналат”. Чындыгында бул кишинин айтуусу азыркы учурга дал келет, анткени физикалык күч сарптоону акырындап руханий жактан өнүгүү басып келе жатат. Шахмат тактасындагы фигуралар бул өзү эле математика. Анткени ар бир фигуранын өзүнүн атайын сан ченеми бар жана ошого жараша чечимдер, эсептөөлөр жүрөт. Ошондуктан шахмат оюну мектеп окуучуларына дагы, өзгөчө математика сабагын жакшы өздөштүрүүгө өбөлгө болуп бере алат.

Окумуштуулардын айтуусу боюнча адамдын мээси экиге бөлүнөт, оң жарым шарча жана сол жарым шарча. Сол жарым шарча маалыматты иштеп чыгуу, маалымат базасын түзүү, чечим чыгаруу жана башка функцияларга жооп берет. Ал эми оң жарым шарча маалыматты иштеп чыгуу, символдор же болбосо образдуу түрдө берилүү менен, стандарттык эмес чечимдерди кабыл алуу, эмоцияларды билдирүү функцияларына жооп берет. Шахмат оюну ушул нерселерди өнүктүрүүдө эң негизги куралдардын бири болуп саналат.

ФИДЕнин президенти мезгилинде К.Илюмжинов Кыргызстанга 2010-жылы келгенде Калмыкиянын мектептерине шахмат сабагын киргизгенден тартып, бүтүрүүчүлөр Москванын МГУ ж.б. элиттүү делген университеттерине өтө башташты дегенин эшиткеним бар. 2011-жылы ФИДЕ жана КР Билим жана илим министрлиги республикада шахматты өркүндөтүү боюнча, 2012-жылдан тарта шахмат сабактарын мектептерге факультатив түрүндө киргизүү ж.б. маселелер боюнча келишимге кол коюшкан.

Бул жерден белгилей кетүүчү нерсе, Индия, Испания, Италия, Армения ж.б. мамлекеттерде шахмат сабагы мектептерге киргизилген. Ал эми Россиянын Мамлекеттик Думасы башталгыч класстарда шахмат сабагын мектептерге киргизүү боюнча чечимди 2018-жылы кабыл алган. Коңшу Казакстанда 2019-жылдын сентябрь айынан баштап 205 мектепке «Шахмат мектепке» программасы киргизилип жатат. Ал эми 1998-жылы ЮНЕСКО көп жылдык изилдөөдөн кийин шахматтын баланын, өзгөчө кенже жаштагы балдардын, өнүгүүсүнө оң таасир берээрин белгилеп, шахматты башталгыч мектептердин программасына киргизүү тууралуу сунушун берген.

Совет доорунда Москва, Ленинград, Рига ж.б. шаарлардын айрым мектептеринде шахмат сабагы окутулуп келген. 70-жж. аягында Москванын №404-мектебинде 1-класстын каалаган окуучулары үчүн акыркы чейректе жумасына 1-2 сааттан шахмат сабагы өтүлгөн. Чейректин жыйынтыгында, окуучулардын билим деңгээлин текшерүү мезгилинде, шахмат сабагы өтүлгөн класстардагы балдардын билими бөлөк класстардыкына салыштырмалуу 1,5 баллга жогору болгон. Профессор Н.Талызинанын эксперименттери шахматтын окуучулардын психикалык функцияларына оң таасирин далилдеп, окуучулардын жетишкендиги 50% өскөндүгүн белгилеген.

Атактуу педагог В.Сухомлинский жазгандай: «Шахматсыз акыл жөндөмдүүлүгүн жана эске тутууну толук кандуу тарбиялоо мүмкүн эмес. Шахмат ойноо башталгыч мектептин турмушунда акыл маданиятынын бир элементи катары кирүүсү керек. Сөз атайын форманы жана усулду талап кылган башталгыч мектептеги өзгөчө орду бар интеллектуалдык тарбия жөнүндө болуп жатат». Академик Г.Клаус: «Окутууну башталгыч класстарда баштоо пайдалуу. Шахмат тактасында отуруп бала өз өнүгүүсүнүн башатында, албетте күчтөлбөстөн (атайын эмес), ой жүгүртүүнүн диалектикалык, стратегиялык жана тактикалык ыкмаларына үйрөнөт» деп белгилеген.

Кийинки мезгилдерде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде, айрым мектептерде шахмат боюнча сабак же тренировка өткөрүп келдим. Натыйжада, Кыргыз-Түрк Манас университетинин шахмат командасы республикалык универсиадада байгелүү орунду камсыз кылып келсе, окуучуларым Юнусов Н. Азиянын 11 жашар балдар арасында чемпион (2019-ж.), Алыбаков Н. Азиянын 7 жашар балдар арасында күмүш медаль алууга (2018-ж.) татыктуу болушту. Менин тарбиялануучуларымдын арасында республиканын сегиз чемпиону бар. Азыркы мезгилде шахматты үйрөтүү боюнча окуу-усулдук база жокко эсе. Ошондуктан бул багыттагы менин 1-кадамым болуп шахмат мугалимдерине арналган “Ферздин же аттын жүрүшү” китебин чыгардым. Ал кыргыз жана орус тилдеринде жарыкка чыкты.

– Шахмат сабактарын уюштурууда эң маанилүү эрежелерге токтоло кетсеңиз?

– Шахмат сабактары, программа сыяктуу эле жөнөкөйдөн татаалга, теориядан тажрыйбага принцибинин негизинде өтүлүшү абзел. Шахмат оюну көрсөтмөлүү-көркөмдүк ой жүгүртүүгө негизделгендиктен, көрсөтмөлүүлүк баланын чыгармачыл ишмердүүлүгү менен айкалышат. Мында көрсөтмөлүү каражаттар болуп демонстрациялык такта, шахматтык такта жана шахмат фигуралары эсептелинет. Өтүлгөн материалды бекемдөө жана оюн тажрыйбасы, шахматтагы окуулук оюндар, шахматтык маселелер менен этюддарды чыгаруу жана талкуулоо, баланын шахматтык мелдештерге катышуусу баланын шахмат ойноо көндүмүн өөрчүтүүгө, жигердүүлүгүн арттырууга, шахматтык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө жардам берет.

Шахмат менен алектенүүдөгү түпкү максаттар:

Окуулук, билим берүүчүлүк – шахмат ойногонду, шахматтык эрежелерди, оюндун башталышында (дебютта), ортосунда (миттельшпилде) жана аягында (эндшпилде) шахматтык методдорду жана ыкмаларды пайдалана билүү;

Өнүктүрүүчүлүк – логикалык ой жүгүртүү, абалды серептөө жана туура чечимдерди кабыл алуу, туура багытты тандап алуу жөндөмдөрүн калыптандыруу жана арттыруу;

Тарбиялоочулук – күрөшкерлик мүнөздү, тырышчаактыкты, ченемди жана эрежелерди сактоону, өздүк көзөмөл жана убакытты баалоо жөндөмүн, максатка жетүү үчүн талыкпай иштөөнү, жолдоштук жана бири-бирин колдоо сезимин (өзгөчө командалык мелдештерде) калыптандыруу;

Компетенттик – ар түрдүү абалдарда туура жана эң жакшы чечимдерди иштеп чыгуу, кабыл алуу жөндөмдөрүн калыптандыруу. Кыргызстандын мектептеринде балдарды окутууда ББКдан (билим, билгичтик, көндүм) компетенттүүлүккө кошумча басым жасалуу мезгилинде шахматтын ролу жөнөкөй эмес – шахматчы ар дайым ар түрдүү абалдарда жана шарттарда туура жана эң жакшы жыйынтыкты (чечимди) чыгаруу үстүндө иштейт.

Шахмат сабактарын өткөрүүдө окутуунун ар түрдүү методдору колдонулат. Түшүндүрүп-көрсөтмөлөө, репродуктивдүү, жарым-жартылай изденүү, изилдөө, практикалык, проблемалуу баяндоо жана башкалар. Бул методдордун кайсынысын, же аларды айкалыштырып колдонулабы, ал мугалим-тренердин педагогикалык жөндөмүнөн, баланын шахматты түшүнүү деңгээлинен жана жаш өзгөчөлүгүнөн, ошондой эле сабактын темасынан көз каранды.

Сөзүмдүн аягында айтарым, күчтүү мамлекетти билимдүүлөр гана кура алат, ыймандуулар аны сактап калат, патриоттор дем берет. Алдыда келе жаткан мугалимдер күнү менен жалпы агартуучуларды куттуктап кетмекчимин. «Мугалим мөмөлүү дарак» демекчи, окуучуларыбыз билимдүү, ыймандуу жана мекенчил чыгышсын.

Жакында америкалык изилдөө институтунун бири адамдардын коомго пайдалуу, эң продуктивдүү курагы деп 60-70 жаштын ортосунда болоорун аныкташкан. Бул “Жаңы Англия медицина журналында” жарык көргөн. Экинчи орунда 70-80, андан кийин гана 50-60 жаш экен. Албетте, биздин шарттагы жашоо менен Американыкынын ортосунда айырмачылыктар бар, ошондой болсо дагы пенсияга чыккандан соң дагы мамлекетке, коомго пайдабыз тийип жатканына каниет кылып келем.

Маектешкен Кубат Чекиров

P.S.Чолпонбек Тиленбаевдин акыл-кеңешин угуп, шахмат китебин сатып алууга кызыккандар үчүн байланыш телефону: 0 778 888 733, вотсапп 0 703 888 730.

Бөлүшүү

Комментарийлер