«МУГАЛИМ КҮН СЫЯКТУУ ЧАЧЫРАЙТ …»

  • 27.02.2025
  • 0

Аксы районундагы Надыр Мамбетов атындагы №6 жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Мугалим Күн сыяктуу чачырайт, окуучусу гүл сыяктуу ачылат” аттуу сынак райондук деңгээлде болуп өттү.

"МУГАЛИМ КҮН СЫЯКТУУ ЧАЧЫРАЙТ ..."

Бул тарбиялык таасири күчтүү иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин 2024-жыл 18-декабрындагы №369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужол жөнүндөгү Жарлыгын жүзөгө ашыруу жана мектептеги усулдук иштерди жандандыруу, мугалимдер менен окуучулардын байланышын чыңдоо максатында уюштурулду.

"МУГАЛИМ КҮН СЫЯКТУУ ЧАЧЫРАЙТ ..."
Ага Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары А.П.Салиева, М.Абылкасымов атындагы Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы усулдук кабинеттин башчысы Г.Ш.Ташибекова, Кербен мэриясынын социалдык иштер боюнча адиси А.К.Шамырзаева жана ата-энелер катышты. Бул сынакта мугалимдер  окуучулардан түзүлгөн беш топ күч сынашты. Мугалим Тотоева Айжамал окуучусу Абдыллаев Абубакир, Алимбекова Назира окуучусу Мадалбеков Али,  Жакыпова Асел окуучусу Эргешов Умар, Стамалиева Гулназ окуучусу Касымбеков Сыргак, Дыйканбаева Айжамал окуучусу Тургуналиев Сымбат менен биргеликте таймашка катышты.

"МУГАЛИМ КҮН СЫЯКТУУ ЧАЧЫРАЙТ ..."
Саламдашуудан соң конкурсанттар өздөрүн тааныштырды. Ошондой эле, педагогикалык кырдаалдан чыгуу, элдик каада-салттардын маани-маңызын айтып берүү, жөндөм-таланттарын көрсөтүү сыяктуу тапшырмаларды аткарышып,  күч сынашты. Таймаштын жыйынтыгында Дыйканбаева Айжамал жана Тургуналиев Сымбат жеңүүчү деп табылды. Калган катышуучуларга да түрдүү номинациялар ыйгарылды. Бардык катышуучулар Ардак грамоталар менен сыйланышты. Келген коноктор жана көрүүчүлөр катышуучуларга жана мектеп жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

УЗЕН АТАКАНОВ, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер