PISA-2025. Министрлик тренерлерге сынак жарыялайт
- 01.08.2024
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги СТЕМ предметтерин (математика, биология, химия, физика) окутуунун Сингапур методикасын үйрөнүп, андан ары республиканын жалпы билим берүүчү уюмдарынын мугалимдерин окутуу үчүн тренерлерди издейт.
Тренерлер үчүн квалификациялык талаптар:
- Педагогика тармагындагы (математика, физика, химия, биология) адистиги боюнча жогорку билими;
- Билим берүү системасындагы практикалык иш тажрыйбасы (мектеп/ЖОЖ/усулдук кабинет);
- Чоңдор аудиториясы үчүн тренингдерди өткөрүү көндүмдөрү (тренердик чеберчилик боюнча тастыкталган тажрыйбасы (сертификаттар);
- Окутуунун заманбап технологияларына ээ болуусу;
- Тренинг өткөрүү үчүн өлкөнүн бардык региондоруна баруу мүмкүнчүлүгү (негизги иш орду боюнча эркин график);
- Орус жана кыргыз тилдерин мыкты билүүсү (өзбек, тажик тилдерин билүүсү артыкчылык катары каралат);
- Командада иштей билүүсү;
- Мыкты уюштуруучулук көндүмдөрү жана инсандар менен иштей алуу көндүмдөрү;
- MS Office базалык программалары менен иштей алуусу (Excel, Power Point, Word);
- Предметтик стандарттарды, STEM-билим берүүнүн негиздерин билүүсү кошумча артыкчылык болуп саналат.
Каалоочулар 1-турда Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун электрондук дарегине 2024-жылдын 3-августуна чейин документтерин жиберүүсү керек ([email protected] электрондук дареги). 2-тур – 1-турдун жыйынтыгы боюнча чакырылгандар менен аңгемелешүү түрүндө өтөт.
Эльвира Какиева, «Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер