МУГАЛИМДИ БАСМЫРЛАП, БЕДЕЛИН ТҮШҮРҮҮ – ЖОЛ БЕРИЛГИС КӨРҮНҮШ

  • 06.11.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарындагы №57 мектептин тарых мугалими менен ата-эненин ортосунда болгон окуяга байланыштуу тынчсыздануусун билдирет.

Ошону менен бирге министрлик бул окуяга байланыштуу №57 мектептин администрациясы, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти өз компетенциясынын чегинде иш алып барып, тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылганын маалымдайт.

МУГАЛИМДИ БАСМЫРЛАП, БЕДЕЛИН ТҮШҮРҮҮ – ЖОЛ БЕРИЛГИС КӨРҮНҮШ

Ошондой эле министрлик кайсы жерде жана кандай шартта болбосун мугалимге ыдык көрсөтүп, анын беделин түшүрүүгө аракеттенүү жол берилгис көрүнүш экенин баса белгилейт жана ата-энелерди мугалимдерге сый-урмат менен мамиле жасоого чакырат.

Бөлүшүү

Комментарийлер