12 жылдык моделге көчүү, ПИЗАга даярдык, окуу китептер… Элди түйшөлткөн суроолор

  • 16.08.2024
  • 0

Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталардын алдында, Ысык-Көлдө эл аралык билим саммити өтүп жаткан учурда, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Фейсбуктагы министрликтин расмий баракчасынан түз байланышка чыгып, элди кызыктырган эң актуалдуу суроолорго жооп берди.

Көрөрмандар педагогдордун август кеңешмесинин алкагында алгачкы жолу өтүп жаткан билим саммитинде талкуулана турган маселелер, ПИЗАга даярдык, “Алтын казык” мамлекеттик программасы, 12 жылдык билим берүүгө өтүү, чоң шаарлардагы мектептерде балдардын саны көп болуп жатканы, жаңы окуу жылына даярдыктар, атап айтканда, окуу сааттары, жаңы муундагы китептер менен камсыздоо, окуучулардын бирдиктүү формасы ж.б. суроолорго жооп алышты.

— 12 жылга өтүүдө эки жыл даярдык жылы болуп эсептелет. Быйыл окуу китептерди жаңы билим берүү стандартка даярдайбыз. Алар кийинки жылдан баштап толук даярдыктан өткөндөн кийин 12 жылга өтүп баштайбыз. Алгачкы 12 жылдык аттестатты ортодо үч деңгээлде жылышуу менен 2028-2029-окуу жылдарда алып калабыз, — деди министр.

Суроолор эки тилде кабыл алынып, жообу да эки тилде болду. Көрөрмандар босогодо турган жаңы окуу жылына балдар кандай форма кийип барарын, алты жаштан барганда кандай болоруна кызыгышты. Министр окуучулар мурдагыдай эле үстү ак, алды жагы кара түстөгү кийим кийүүгө тийиш экендигин, бул биринчи кезекте мектептин уставына дал келерин жана деги эле окуучулардын социалдык статусуна карабай бирдей шарт түзүлөрүн белгиледи.

Калк жыш жайгашкан чоң-чоң шаарлардагы мектептерде балдардын санынын көптүгү да окурмандарды тынчсыздандырган олуттуу суроолордун бири.

— Албетте, бардык эле ата-эне балдарын алдыңкы мектептерде окуткусу келет. А бирок шаардын бир тарабынан экинчи тарапка ташып жүрүү – биринчи кезекте баланын физикалык жана психологиялык абалына терс таасирин тийгизерин эстен чыгарбашыбыз керек. Андыктан зоналаштырууга басым жасайбыз. Класстагы баланын санын 36 баладан ашырбоо тартибине өзгөртүү киргизип, бир аз кошууга туура келет, — деди Догдургүл Кендирбаева.

Министр быйыл Кыргызстанда инклюзивдүү мектептерди ачууга олуттуу көңүл бурулуп жатканын, анда балдар сабактарды онлайн түрүндө окуй тургандыгын айта кетти.

Жалпысынан алганда алты жүздөн ашык суроолор эфирге жазуу түрүндө чыгып, министр ачык диалогго дайыма даяр экендигин, мындан ары да түз эфирлерди байма-бай өткөрүп туруу зарылчылыгын белгиледи.

Көрөрмандар суроолору менен бирге эле министрдин ишине ийгилик каалаган жылуу пикирлерди, каалоо-тилектерди айтышты.

12 жылдык моделге көчүү, ПИЗАга даярдык, окуу китептер... Элди түйшөлткөн суроолор

Кыргызстандын билим берүү тармагы масштабдуу модернизация болуп жатканда, мугалимдердин салтка айланган Август конференциясы масштабдуу иш—чаралары менен коштолууда.

19-20-августта Чолпон-Атадагы “Рух Ордо” комплексинде Россия менен Кыргызстандын  инновациялык педагогикалык жетишкендиктеринин  жарманкеси өтөт, бир топ тематикалык секцияларда кызуу талкуулар болот.

Ал эми 15-августта Чок-Тал айылындагы «Дельфин» пансионатында Казакстан менен Кыргызстандын билим берүү ишмерлери чогулуп, мектепке чейинки билим берүүнү каржылооонун эки өлкөдөгү тажрыйбасын талкуулашууда.

Ошондой эле эртең Сингапурдан келген адистер менен PISA эл аралык сынагына даярдык иретинде сексенден ашык математик мугалимдерге алдыңкы технологиялар, жасалма интеллект менен иштөө боюнча тренинг башталат.

Бул иш-аракеттин баары республикалык  жана эл аралык деңгээлде тажрыйба алмашуу аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана масштабдуу трансформацияны ишке ашыруу максатында болуп жатат.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер