МИНИСТР Д. КЕНДИРБАЕВА ИСЛАМ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 25.02.2025
  • 0

25-февралда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн (GPE) жана Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында, билим берүү программаларын колдоону кеңейтүү жана сапаттуу билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жолдору талкууланды.

Д.Кендирбаева “Билим берүүнүн сапатын жакшыртууга дайыма колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирем, анткени бул – эң актуалдуу маселелердин бири. Министрлик билим берүүнү трансформациялоону баштады, окутуунун мазмуну жана ыкмалары толук жаңыланат. Биз балдарыбыздын сынчыл ой жүгүртүүсүнө жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө жардам берүүсүнө умтулабыз»– деди.

Мухаммад Тарик Хан билим берүү боюнча МИНИСТР Д. КЕНДИРБАЕВА ИСЛАМ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУөнөктөштөр министрдин лидерлигин жана анын реформага болгон көз карашын терең баалай турганын билдирип: “Реформа жасоо оңой эмес, бардык өнөктөштөр сиздин оюңузга кошулушат жана “Алтын Казык” программасын ишке ашырууга даяр” – деген тилектештигин билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер