МИНИСТР БУУНУН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК АЗЫК-ТҮЛҮК ПРОГРАММАСЫНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ДИРЕКТОРУ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 01.06.2022
  • 0

2022-жылдын 31-майында Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы директору Кодзиро Накай менен жолугушту.МИНИСТР БУУНУН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК АЗЫК-ТҮЛҮК ПРОГРАММАСЫНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ДИРЕКТОРУ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Кодзиро Накай «Мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу» программасынын алкагында башталгыч класстын окуучулары үчүн түрдүү пайдалуу тамактар ​​даярдала башталгандыгын билдирди.

Тараптар мектеп жана мектепке чейинки тамактанууну уюштуруу боюнча иштерди талкуулашты:

  • ашпозчуларды жана ашкана кызматкерлерин окутуу;
  • ашпозчулардын кызматтык нускамаларын даярдоо;
  • билим берүү уюмдарына «Рецепттер китебин» жайылтуу;
  • Баткен облусунун Кадамжай районундагы логистикалык борборду 100 миң АКШ доллары бюджети менен реконструкциялоо жана оңдоо;
  • бардык мектептерди ысык тамак менен камсыз кылуу.

ММИНИСТР БУУНУН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК АЗЫК-ТҮЛҮК ПРОГРАММАСЫНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ДИРЕКТОРУ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУинистр мектеп жана мектепке чейинки уюмдар ашканаларын жакшыртууга муктаж экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында 2022-жылы төмөндөгүлөрдү ишке ашыруу пландалды:

  • Өлкө боюнча 300гө жакын мектепте ысык тамак берүүнү ишке киргизүү. Анын үчтөн экиси түштүктө жайгашкан;
  • Мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жергиликтүү фермерлер жана өндүрүшчүлөр менен байланыш түзүү механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
  • Программанын аткарылышын көз карандысыз башкаруу жана мониторинг жүргүзүү үчүн методикалык куралдар жана материалдар менен камсыз кылуу;

Алмазбек Бейшеналиев көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да жемиштүү кызматташууга үмүт артарын билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер