МИНИСТР АКСЫДАГЫ №53 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДИ КҮТҮҮСҮЗ ТЕКШЕРДИ

  • 18.11.2024
  • 0

16-ноябрда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Аксы районунун Кызыл-Туу айылындагы №53 кесиптик лицейди күтүүсүз текшерди.

МИНИСТР АКСЫДАГЫ №53 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДИ КҮТҮҮСҮЗ ТЕКШЕРДИ

Министр лицейдин окуу корпустарын, класстарын, ашканасын жана окуу жайдын аймагын көрүп чыкты.

Лицейдин директору Дамирбек Арстанбековго бир катар кемчиликтер айтылып, аны тез арада чечүүнү тапшырды.

МИНИСТР АКСЫДАГЫ №53 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДИ КҮТҮҮСҮЗ ТЕКШЕРДИ

Догдуркүл Кендирбаева билим алып жаткан балдар менен баарлашып, суроолоруна жооп берди.

Белгилей кетсек, кесиптик лицейде 158 окуучу окуйт. Алар электр жана газ менен ширетүүчү, ашпозчу-кондитер, программалык камсыздоону иштеп чыгуу тармактарында билим алат.

Бөлүшүү

Комментарийлер