Милиция кызматкерлери окуучулардын көзү менен
- 03.12.2024
- 0
Мектеп окуучулары арасында Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата “Милиция жана мен” аталышындагы республикалык сынак өткөрүлдү.
Аталган сынакта окуучулар милиция тууралуу видео түрмөк даярдап, социалдык тармакка #милицияжанамен хештеги менен жарыялоосу кажеттелген.
Жыйынтыгында, 1-орунду Ат-Башы районундагы Н.Үсөналиев орто мектеби камсыздаса, 2-орунга борбор калаадагы №94 жалпы орто билим берүү мектебинин «Аймак таануу» ийриминин окуучулары, ал эми 3-орунга Кочкор районундагы Ш.Абдылдаев аындагы мектеби, 4-орунга Бишкек шаарындагы №105 мектеби татыктуу болду.
Жеңүүчүлөр Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чара Нарын облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, жаштардын укуктук билимин жогорулатуу, милициянын ишмердүүлүгүн таанытуу жана коомдук коопсуздукту сактоодогу маанилүү ролун көрсөтүү максатында уюштурулду.
Комментарийлер