Миграциядан жабыркаган балдарга жардам

  • 10.09.2024
  • 0

«Балачак институту» коомдук фонду тарабынан Талас облусунун Манас районунда миграциянын себебинен ата-энесинен узакта жашаган өспүрүмдөргө психологиялык-педагогикалык көмөк көргөзүү долбоору ишке ашырылат.

Учурда эмгек миграциясынын натыйжасында ата-энесинен алыста калган балдардын саны күн сайын көбөйүүдө. “Балачак институтунун” изилдөөсүндө мындай балдар агрессивдүү болуп, өзүнө ишеними жоголуп, социалдык жана психологиялык жактан жабыркап келет.

Миграциядан жабыркаган балдарга жардам

Кыргызстанда миграциядан жабыр тарткан балдар үчүн атайын программалар иштелип чыккан эмес. Аталган долбоордун негизги максаттарынын бири – ата-энесинен узакта жашаган балдарга психология-педагогикалык колдоо көргөзүү.

Талас облусундагы жалгыз калган балдардын муктаждыктарын изилдеп, аларды коргоону көздөйт. Ошондой эле Манас районунун социалдык педагогдордун кесиптик көндүмдөрүн жана чеберчилигин жогорулатуу болуп саналат. Бул кызмат көрсөтүүлөр автоматташтырылган маалымат системасы аркулуу жүргүзүлөт.

Бул долбоор БОМКА 10 программасынын алкагында Европа Биримдиги тарабынан каржыланат. Борбордук Азиядагы башкаруу программасы(БОМКА) чек арага жакын жайгашкан аймактардагы коопсуздукту, туруктуулукту жана трансчегаралык кызматташтыкты колдоого багытталган. Ошондой эле  чек ара аймактарындагы калктын жашоо шартын жакшыртууга негизделген.

Кошумча маалымат алуу үчүн «Балачак институту» коомдук фондуна кайрылсаңыздар болот: mailto:[email protected]

Facebook:https://www.facebook.com/profile.php?id=100091468908128

Бөлүшүү

Комментарийлер