Мектептерге “Климаттык кутуча” билим берүү программасынын 1000ден ашык комплекти тапшырылды

  • 13.03.2026
  • 0

Россия тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине “Климаттык кутуча” аталышындагы билим берүү программасынын 1000ден ашуун комплекти өткөрүп берилди. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады.

Мектептерге “Климаттык кутуча” билим берүү программасынын 1000ден ашык комплекти тапшырылды

Маалыматка ылайык, аталган окуу комплекти өлкөдөгү дээрлик бардык мектептерде колдонулуп келет. Анын курамына интерактивдүү тапшырмалар, тематикалык кейстер, көрнөк-жарнактар, постерлер жана карточкалар кирет. Бул материалдар окуучуларга экологиялык ой жүгүртүүнү калыптандырууга жана айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиле жасоого жөнөкөй жана түшүнүктүү формада жардам берет.

Комплекттерди тапшыруу аземи 11-март күнү Россиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн катышуусунда өткөрүлдү. Долбоор Кыргызстанда БУУнун Өнүктүрүү программасы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан интерактивдүү жана көп тармактуу билим берүү демилгеси болуп саналат.

Долбоордун алкагында өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар үчүн да ылайыкташтырылган форматтар даярдалган. Тактап айтканда, 100 даана easy-to-read («жөнөкөй тилде») форматындагы жана 40 даана Брайль шрифтиндеги нускалар чыгарылды. Бул мүмкүнчүлүк өлкөнүн бардык аймактарындагы мектеп окуучуларына климаттык жана экологиялык билим алууга кеңири жол ачты.

Белгилеп кетсек, БУУнун Өнүктүрүү программасынын “Климаттык кутуча” долбоору Россиянын каржылык колдоосу менен 2016-жылдан бери ишке ашырылып келет. Бүгүнкү күндө программа дүйнөнүн 12 өлкөсүндө колдонулуп, 17 тилге которулган.

Нурлан КЫДЫКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер