МЕКТЕПТЕГИ ЫСЫК ТАМАК, КҮНӨСКАНА, КӨМӨКЧҮ ЧАРБА

Аксы районундагы Н.Мамбетов атындагы № 6 мектебинде 2015- жылдан бери 1-4-класстарга ысык тамак берилет. Мектепте 315 окуучу  ысык тамак ичет. Азыркы күндө мектепте төрт күн ысык тамак, бир күн салат менен булочка  берилет. Чай ордуна беш күн тең  компот ичишет.

Мектепте  экологиялык  таза мөмө -жемиш  алуу үчүн тажрыйба аянчасы  жана  0,04 га жерге   күнөскана курулган. Мындан сырткары, көмөкчү чарбаны өнүктүрүү үчүн кой багылат. Азыркы күндө койдун саны 16 га жетти. Күзүндө койлор сатылып , окуучулар үчүн мектепке саан уй алынат. Көмөкчү чарбадан түшкөн таза жемиштер  окуучулардын ысык тамагына берилет.

Бөлүшүү

Комментарийлер