МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО: РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 186 МИҢ 201 КВОТА БАР

  • 10.04.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024 окуу жылына карата республика боюнча 2 миң 95 мектепте 186 миң 201 квоталык орун бар экендигин маалымдайт. Анын ичинде окутуу кыргыз тилиндеги мектептер үчүн – 107 миң 563, окутуу орус тилиндеги мектептер үчүн – 68 миң 670, окутуу өзбек тилиндеги мектептер үчүн – 9 миң 607, окутуу тажик тилиндеги мектептер үчүн – 361 квота.

МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО: РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 186 МИҢ 201 КВОТА БАР

Шаар, облустар боюнча бөлүнгөн квоталар:

Бишкек шаары боюнча 97 мектепке 20 миң 875 квота каралган (анын ичинде кыргыз тилиндеги мектептер үчүн — 10 миң 40, орус тилиндеги мектептер үчүн -10 миң 835);

Ош шаары боюнча 52 мектепке 11 миң 289 квота каралган (кыргыз – 2 миң 325, орус – 7 миң 644, өзбек – 1 миң 320);

Баткен облусу боюнча 226 мектепке 16 миң 922 квота каралган (кыргыз – 11 миң 714, орус – 3 миң 516, өзбек –1 миң 359, тажик – 333);

Жалал-Абад облусу боюнча 467 мектепке 36 миң 334 квота каралган (кыргыз – 22 миң 771, орус – 9 миң 958, өзбек – 3 миң 605);

Талас облусу боюнча 107 мектепке 7 миң 385 квота каралган (кыргыз –  5 миң 913, орус –  1 миң 472);

Нарын облусу боюнча 141 мектепке 7 миң 851 квота каралган (кыргыз – 5 миң 562, орус –  2 миң 289);

Чүй облусу боюнча 298 мектепке 30 миң 601 квота каралган (кыргыз – 13 миң 657, орус – 16 миң 944);

Ысык-Көл облусу боюнча 192 мектепке 14 миң 504 квота каралган ( кыргыз – 9 миң 188, орус – 5 миң 316);

Ош облусу боюнча 515 мектепке 40 миң 404 квота каралган ( кыргыз – 26 миң 393, орус –10 миң 696, өзбек – 3 миң 323, тажик – 28).

Бөлүшүү

Комментарийлер