МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ ҮЧИЛТИГИ: БАЛА. ПЕДАГОГ. АТА-ЭНЕ

  • 17.10.2024
  • 0

Баш калаабыздагы Ж.Баласагын атындагы КУУда өткөн эки күндүк кыргыз-орус билим берүү форумунда эки өлкөнүн ЖОЖ жетекчилери, окумуштуулары билим берүү тармагынын өз ара кызматташуусу, жаңы технологияларды киргизүү, академиялык мобилдүүлүк мүмкүнчүлүктөрү, педагогикалык, медициналык, агрардык багыттагы болочок адистерди даярдоо боюнча кызматташуу, педагогикалык технопарктарды түзүү, жогорку окуу жайларга квота боюнча тапшыруу сыяктуу орчундуу маселелер талкууланып, мастер-класстар өткөрүлдү.

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ ҮЧИЛТИГИ: БАЛА. ПЕДАГОГ. АТА-ЭНЕ

Балалыктын бактылуу доору

Форумдун экинчи күнкү талкуусу Кыргызстандын жана Россиянын мектепке чейинки билим берүү системасын өнүктүрүү темасына арналды. Анын модераторлору Жалал-Абаддагы Б.Осмонов атындагы мамлекеттик университетинин окуу бөлүмүнүн башчысы Таалай Уметов, Кувейт эл аралык университетинин профессору Дөлөтбай Бабаев, Герцен атындагы  Россия мамлекеттик педагогикалык университетинин балалык институтунун директору Виктория Новицкая баш болгон адистер балдардын инсан катары калыптануусу мектепке чейинки билим берүүдөн канчалык көз каранды экендигин бир катар мисалдар, далилдер менен белгилешти. Виктория Александровна өзүнүн презентациясында бөбөктөрдүн бала бакчага тартылуу деңгээли эки өлкөдө канча пайыз экендигин салыштырып өттү.

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ ҮЧИЛТИГИ: БАЛА. ПЕДАГОГ. АТА-ЭНЕ

— Россияда балдардын бала бакча менен камсыз болушу 98% болсо, Кыргызстанда 28% түзөт. Эгерде беш жыл мурда 12,9% экенин эске алсак, акыркы мезгилде көңүл жылытарлык жылыш болуп жатканын белгилөөгө болот.

Баардыгы мектепке чейинки балалыктан башталат. Мектепке чейинки курактагы баланы тарбиялоо мектепке чейинки билим берүү боюнча атайын билим алган билимдүү адистер тарабынан гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Бала бакчанын тарбиячысы баланын инсан, иш-аракеттин субъектиси, индивидуалдуулугу боюнча калыптандырууну атайын билим берүү процессинин өнүгүү шарттарында уюштурат.

Бала бакчада бала мектепке чейинки балалыктын эң баалуу мезгилин өткөрөт, бакчада ал жеткиликтүү жана кызыктуу иш-чараларга активдүү катышып, жүрүм-турумдун жана өз ара аракеттенүүнүн ар кандай социалдык режимдерин көрө алат. Мектепке чейинки тарбия берүү уюмунун педагогунда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүчү методикалык куржуну болууга тийиш. Башкача айтканда, мектепке чейинки билим берүүчү педагог үчүн ар бир курактагы тайпаларга бардык билим берүү багыттарын камтыган жол көрсөтүүчү дептерлердин тизмеси болушу керек, — дейт Россиядагы Балалык институтунун директору.

Бала бакча педагогдорун окутууга бюджеттик орундар бөлүнөт

КУУнун И.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо инситутунун директору, п.и.д., профессор Рахат СУЛАЙМАНОВА:

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ ҮЧИЛТИГИ: БАЛА. ПЕДАГОГ. АТА-ЭНЕ

“Бул форум жай айында Ысык-Көлдө башталган эле. Башка мамлекеттер менен билим берүү алака түзүү, тажрыйба алмашуу, алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу — абдан жакшы саамалык. Анткени билим берүүдө интеграция сөзсүз болушу керек, биз алдыңкы тажрыйбалар тууралуу сөзсүз кабардар болуп турушубуз керек. Россиянын билим берүүсүндөгү жаңылыктар биз үчүн абдан кызык, ааламдашуу доорунда ар ким өз шорпосунда кайнай бергени туура эмес. Бизге бул аба менен суудай керек. Жогоруда аталган форумдун алкагында педагогикалык билим берүү, педагогикалык технопарктарды түзүү, мектепке чейинки билим берүү маселеси кызуу талкууланды. Педагогдорго технопарктарды кандай түзүү керектиги айрыкча кызыктуу болду деп ойлойм.

Биз педагогикалык институт болгонубузга байланыштуу стартаптарды өнүктүрүү, педагогикалык технопарктарды түзүү боюнча маселе абдан курч коюлуп жатат. Университет 4.0го өтүп жаткандан кийин билим берүү, илим, өндүрүш жана өздөрү өндүргөн продукцияны жайылтуу, сатууну чукул арада колго алышыбыз абзел. Бул окуу жайлар теория менен гана алектенбей, ошол теориянын практикада ишке ашыруу, жайылтуу маселесин колго алууга тийиш дегенди билдирет. Форумда Россиянын окуу жайлары өндүрүш менен тыгыз байланышта экендигин көрдүк.

Ушул эле жагдайды мектепке чейинки билим берүүгө байланыштырсак болот. Мектепке чейинки билим берүү бизде өтө курч маселелердин бири. Союз тараганда бала бакчалардын көбү жоюлуп кеткендиктен, бала бакчалар, анда иштеген адистер да азайып кеткен. Бул маселени чечүүгө мамлекет башчылары, Билим берүү жана илим министрлиги белсенип киришип, жаңы бала бакчалар биринен сала бири ачылып жатканына күбө болуудабыз. Билим берүүгө, анын ичинде мектепке чейинки билим берүү адистерин даярдоого жакшы көңүл бурулуп жатат. Алсак, биздин институтта педагогдорду даярдоо боюнча 75 бюджеттик орун берилди, анын ичинен 15 орун бала бакча адистерине бөлүндү. Магистратура деңгээлинде да бала бакча кызматкерлерин даярдоого орундар бөлүнүп жатат. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын жетекчилиги астында жалпы эле агартуучулар журту үчүн мына ушундай эл аралык деңгээлдеги жакшы саамалыктар уюштурулуп жатканы бизге абдан кызыктуу жана пайдалуу, — дейт Рахмат Сулайманова.

Кызматташуу чек арасын кеңейтүү керек

Эрматов атындагы педагогикалык институттун ректору Уланбек МАМБЕТАКУНОВ:

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ ҮЧИЛТИГИ: БАЛА. ПЕДАГОГ. АТА-ЭНЕ

“Бүгүнкү Кыргызстан-Россия билим берүү форуму эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызматташуунун маанилүүлүгүн көрсөттү. Биз вакуумда өнүкпөйбүз, кызматташуунун чек арасын кеңейтишибиз керек деп дайыма айтып келебиз. Ал эми бүгүн билимди өз ара байытуунун жакшы натыйжасы көрсөтүлдү. Биз биринчи колдон маалымат алуу үчүн мүмкүн болушунча көбүрөөк секцияларга кирүүгө аракет кылдык. Өзгөчө мектепке чейинки билим берүү бөлүмүн белгилегим келет, анын алкагында институттун ишмердүүлүгү үчүн пайдалуу багыттарды алдык. Тактап айтканда, ата-энелер менен иштөө боюнча окуучулардын практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу, окуучуларга келечектеги мугалимдерди үйрөтүүдө этнопедагогиканын алкагында улуттук оюндарды колдонуу жана башка көптөгөн нерселер биздин окуу процессибизди байытары шексиз”.

Улуттук оюндар – оюла элек кенч

Мектепке чейинки билим берүүдө ата-эненин ролу, этнопедагогиканы колдонуунун мааниси тууралуу модератор Таалай Уметов да өз оюн билдирди. Ал мектепке чейинки билим берүүдө улуттук оюндардын ролу жөнүндө бир нече монографияларды жазган автор катары да балдарды тарбиялоодо үй-бүлөлүк тарбия менен катар эле элдик педагогика да маанилүү роль ойнорун айтты.

— Сессиянын жүрүшүндө жаштар үчүн педагогикалык кесип авторитет болбой жатканын, бул маселени азыртадан тамырынан чечпесек, дагы 10 жылдан кийин кандай болору мүдөмүк деген ойлор айтылды. Замандаштарыбыз эң туура тынчсызданып жатышат. Статистика боюнча педагогдордун 87,6 пайызын аялзаты түзөт. Ырас, билим берүү тармагында эркектердин саны аз, ал эми бала бакчада тарбиячы болуп иштеген бир да эркек жок. Мектепте да абал ошондой, эркек агайлар саналуу гана. Андыктан биз үй-бүлөдөгү атанын ролун жогорулатууга тийишпиз. Ата-энелердин жардамы менен, тагыраак айтканда, үй-бүлөдөгү баалуулуктар аркылуу баланын тарбиясына таасир эте алабыз. Маселен, балага улуттук оюндарды үйрөтүү аркылуу балдардын аң-сезимин өнүктүрүп, туура таалим-тарбия берүүгө неге болбосун?! Элдик педагогикада балдарды өнүктүрүүнүн толук комплекси бар. Улуттук оюндар – бул потенциалы али чети оюла элек кенч. Биз ошол баалуулуктардын баарын чып-чыргасын коротпой балдарга үйрөтүшүбүз керек, — дейт.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер