МЕКТЕП ТАРБИЯСЫНДАГЫ БИР КӨЙГӨЙ ЖЕ “СОТКЕБАШ БАЛДАР” БАЯНЫ

  • 15.02.2019
  • 0

Мектеп тарбиясында көйгөй, кемчилик, маселе толтура жана ар дайым талкуу майданынан түшпөгөн тема. Мен алардын бирөөсүнө, учурдагы мектеп тарбиясында модага айланган “соткебаш балдардын” тарбиясындагы өксүктөр тууралуу, ансыз да түйшүктөн арылбаган мугалимди чарчаткан көйгөй жөнүндө кеп козгойм.

МЕКТЕП ТАРБИЯСЫНДАГЫ БИР КӨЙГӨЙ  ЖЕ “СОТКЕБАШ БАЛДАР” БАЯНЫ

“Соткебаш балдар” учурдун термини. Бул терминди педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратовдун тарбия тууралуу макаласынан кездештирген элем. Азыр практикада, мектепте, күнүмдүк турмушта кездештирип жатам. Агай колуна уюлдук телефон тийгенден кийин сабакты да, тамакты да, ата-энени да унуткан, баш көтөрбөй социалдык желелерде, мобилдик тиркемелерде жүргөн, баш оту менен ошого кирип кеткен балдар-кыздарды көрүп каңырыгы түтөп ошентип айтса керек. Мен буга толук ынандым. Башын бүтүндөй уюлдук телефон (сотка) ээлеп алган, ошону менен күн батырып, кучактап жатып таң атыргандарды кездештирип жатам.

Бала дейин десем, чоңдорчу? Биз баш болуп “соткебаш” болуп калбадыкпы. Бардык социалдык желелерде катталганбыз. Вотсап тиркемесинде түрдүү тайпаларда барбыз: “Бир туугандар”, “достор”, “жээндер”, “бөлөлөр”, “аяштар”, “абысындар” деги койчу толтура. Мугалимдерде да ошондой: “Мыкты класс жетекчилер”, “Башталгыч класстын мугалимдери”, “Завучтар”, “Физиктер” ж.б. Мектептеги ата-энелердин бардык класстарда тайпалары бар: “1-А класстын ата-энелери”, “7-Б класстын ата-энелери” ж.б. Бул тайпаларда жакшы да, жаман да маалыматтар заматта желдей тарап, кимдир бирөөнү мактап, кимдир бирөөнү жамандап, кимдир бирөөнүн тагдырын чечип калышпадыбы. Айтор ушундай маалымат желден тез тараган заманда жашап жатабыз да.

А менин айтаарым мектеп окуучуларындагы уюлдук телефон көйгөйү, социалдык желелерде желдей жортуп жүргөн өспүрүп балдардын тарбиясы. Аларды тыюу салууга кудурети жетпеген мугалимдин абалы. Балдарын кымбат телефондор менен камсыз кылып, өздөрү көзөмөлдөбөй, мугалимдин түйшүгүн татаалдаткан ата-энелердин абийир жөнүндө.

Мектеп директору, педагог катары мындай көйгөй менен күн сайын алп урушуп келем. Мектепте 5-класстан 11-класска чейин 300 гө жакын окуучу бар. Күн сайын телефон жыйнайбыз. Жок дегенде 100 дөй окуучудан чыгат. Бекитип үлгүргөндөрүн кошпогондо. Же биз жыйнай берип тажабадык, же окуучу апкелгенден тажабады, же ата-эне тарабынан таасир этүү байкалган жок. Ата-энелерден суранып, кагаз кетирип ар бирине уюлдук телефонду пайдаланбоо жөнүндө кат да жаздык. “Уюлдук телефон алып келүүгө тыюу салынат!” деп жазып илип да койдук, укканы угат, укпаганы баягы-баягы. Баса, ошол жазган катыбызды бир ата тытып-тытып баласынын колуна бериптир: “мугалимиңин иши болбосун, акчасы кетти беле” деп. Мына тарбиянын өксүгөн жери, “соткебаш балдардын” пайда болуп жаткан төркүнү кайда экендиги.

МЕКТЕП ТАРБИЯСЫНДАГЫ БИР КӨЙГӨЙ  ЖЕ “СОТКЕБАШ БАЛДАР” БАЯНЫ

Менин педагогикалык тажрыйбамда кездешкен, ушул уюлдук телефонго байланышкан көйгөй менен бөлүшөйүн. Капысынан 8-классынын окуучуларынын арасынан бир окуучунун апасы баласын классташтары вотсап тайпадан чыгарып салгандыгын, жазса эч кимиси жазбай жаткандыгын айтып даттанып келди. Бул маселенин үстүнөн класс жетекчи, тарбиялык иштер боюнча орун басар, социалдык педагог болуп тактоо иштерин жүргүздүк. Ар бир окуучунун телефонун ачтырып (анткени бардыгында сыр сөз бар) вотсап группага жазылган сөздөрүн окуганга мажбур болдук. Мен күтпөгөн сүйлөшүүлөр, ар түрдүү темалар, жаргон сөздөр, мыскылдар, какшыктар, кыскасы кээ бирлерин айтууга ооз барбайт. Жазышкан тексттеринен улам кээде түнкү саат 3-4кө чейин уктабай тургандарын билүүгө болот. Эми ойлонуп көрөлүчү, саат 3-4тө бири-биринен тапшырма сураган жок да. Эми кимде күнөө? Балдарынан телефонду алып койбогон, уктоосун көзөмөлгө албаган ата-энеде болсо керек, албетте. Анан ушинтип түнү менен вотсап, инстаграм, однаклассникте жазышып, урушуп-талышып алышып, калганын эртеси мектепте, көчөдө улантпайт деп ким кепил боло алат?

Мына ушул түйшөлгөн көйгөйдү чечүүнүн жолун издеп, сунуш күтүп, ата-энелерди жыйналышка чакырып төмөндөгүдөй суроолорду берип анкета алдым.

                                                  АНКЕТА

     Урматтуу, ата-эне! Бул анкетанын ар бир суроосуна кеңири жооп берүүңүздү өтүнөбүз! “Жетиген” мектеп-лицейинин тарбия процессин жакшыртуу үчүн сиздин жоопторуңуз зарыл!

  1. Балаңыздын (кызыңыздын) уюлдук телефону барбы? Бар болсо маркасы кандай? Канча сомго алып бергенсиз?
  2. Уюлдук телефонду балаңызга (кызыңызга) кандай максатта алып бергенсиз? Кандай натыйжа күтөсүз?
  3. Балаңыздын (кызыңыздын) уюлдук телефонун канча убакытта текшерип, көзөмөлдөп турасыз? Балаңыз (кызыңыз) кайсы социалдык желелерде (тиркемелерде) катталган (вотсап, телеграм, фейсбук, инстаграм, однакласник ж.б.)?
  4. Балаңыз (кызыңыз) үйдө уюлдук телефонду колдонуунун графигин түзгөнсүзбү (канча саат, саат канчадан канчага чейин)? График түзгөн болсоңуз такай көзөмөлгө аласызбы?
  5. Мектепке балаңыздын (кызыңыздын) уюлдук телефонду көтөрүп келүүсүнө кандай көз караштасыз? Мектепте пайдаланууга тыюу салынуусуна пикириңиз кандай?

Жообуңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Ата-энелердин жооп берген анкеталарындагы айрым жоопторду мисал катары келтирейин:

1-ата: Кызымын туулган күнүнө карата алып бергемин. Сабакка даярданат, интернеттен кээ бир маалыматтарды издейт деп ойлогомун. Көчөгө чыкканда дарегин да билип турушум керек. Мен эч качан уюлдук телефонун текшербейм. Аны менен апасы алектенсе керек. Вотсапта бар экенин билем. Калганын билбейм.

2-эне: Байланышып турууу максатында интернет көтөргөн телефонду алып бергемин. Бир чети өзү теңтүүлөрдөн кем калбасын деген ой болгон. Эки-үч күндө бир текшерип турам. График түзгөн эмесмин.

3-эне: Балам суранган үчүн алып бергенмин. Бир жумада 3-4 жолу текшерем. График түзгөн эмесмин.

4-эне: Туулган күнүндө суранганы үчүн алып бергемин. Бирок экраны сынып иштебей калганынан жакшы болду деп башка алып берген эмесмин.

5-ата: Негизи байланыш үчүн. Анан бир аз кругозору, дүйнө таанымы өссүн деген ойдо  алып бергенмин. Көзөмөлдөбөйбүз. Кээде алып коем.

6-эне: Сабактардан артта калбай, коомдон артта калбай өзүн-өзү өнүктүрүү үчүн алып бергемин. Бир жумада бир карайм.

Бул жооптор көпчүлүк ата-эненин айрымдары гана. Негизинен көпчүлүгү баланын каерде экендигин билип туруу, байланышуу үчүн деген жоопту айтышат. Байланышуу үчүн интернетти көтөрбөгөн, жөнөкөй, баасы 700-800 сомдук аппарат алып берсек болбойбу? Алып берип көрдүңүз беле? Көтөрбөйт, бала үчүн ашыкча көзөмөлдүн кереги жок, жактырышпайт. Айтылышы “байланыш үчүн” болгону менен максаты башка тарапта болуп жатпайбы.

Анан ой өрүшү өссүн, коомдон артта калбасын, дүйнө таанымы жогоруласын деп алып берген ата-энелерге кандай жооп айтабыз? Эмне дүйнө таанытуунун, ой өрүшүн өстүрүүнүн интернетке кирген уюлдук телефондон башка жолу жокпу? Ал эми ата-энелердин балам суранган үчүн, классташтарына атаандашкан үчүн, туулган күнүнө белек үчүн алып бердим деп айткан жоопторуна ынанууга болот. Анткени, балдарын артыкча эрке өстүргөн, оозунан чыгып-чыга электе каалаганын алып берген эрке-талтаң балдары, мугалимге баш бербей түйшүк жаратып атканы учурдун маселеси го.

Анан жыйналыштын аягында бардыгы бир ооздон мектеп тыюу салгыла, биз макулбуз, ошондо балдарыбызга телефонду бербей кое алабыз. Мектеп жетекчилиги бербе деди деп айтабыз деген бүтүмгө келишет. Баягы эле баланын тарбиясына жооп берген мектеп, ата-эне үчүн балдарын коркутуучу персонаждын милдетин аткарабыз. А ата-эне балдарына катуу айтып тыйып коюудан эмнеге чочушат деген суроого дагы деле жооп таба албай калгандаймын.

Урматтуу, кесиптештер! Биз да ата-энебиз, бизде да балдар, ушундай проблемалар бар. Жыйынтыгында мугалим катары төмөндөгүдөй сунуштарды айтаар элем:

  1. Эгер балдарыбыз менен байланышып туруу максатында гана телефон алып берсек, анда, интернет көтөрбөгөн арзан аппараттарды алып берсек;
  2. Үйдө интернеттен сабакка керектүү материал алыш шарт болсо күн сайын белгилүү бир убакытта көзөмөл менен карматсак;
  3. Уюлдук телефон аркылуу ой өрүшүн үстүргүбүз келсе, көзөмөл менен ошого тиешелүү материалдарды көрүүсүн шарттасак;
  4. Мектепке уюлдук телефон көтөрүп келүүгө катуу тыюу салсак;
  5. Ата-энелер балдарыбызды уюлдук телефон аркылуу кластташтары менен атаандашуусуна жол койбой, жалпы ата-энелер жыйналышында бири-бирибизди көзөмөлгө алсак;
  6. Көзөмөлсүз интернет баракчаларында олтуруу, социалдык желелерде болуунун зыяндуулугу тууралуу видео роликтерди тартып ата-энелерге көрсөтсөк;
  7. Жыл сайын ата-энелер, окуучулар менен түзүлүүчү келишимге уюлдук телефон колдонбоо боюнча сүйлөм киргизсек;
  8. Учурдагы мектептерге коюлган чубалгысы жок интернеттерге окуучулардын уюлдук телефон аркылуу кошулуусун чектесек;
  9. Балдарды көбүрөөк китеп окууга, бош убактысында пайдалуу башка иш аракеттерге жумшоого багыттасак, балким мектеп тарбиясындагы бир көйгөй бир аз жеңилдеп, “соткебаш балдарды” маңыроо кылып бараткан пайдасыз нерселерден алыстатаар белек, баласы мыкты болсо кийин ата-энелер бизге ыраазычылык билдирер беле деген жакшы тилек менен жыйнтыктайын.

Кыялбек Акматов, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент,

Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейинин директору

 

Бөлүшүү

Комментарийлер