МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН ОЛИМПИАДАСЫНЫН III ЭТАБЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
- 28.02.2024
- 0
2024-жылдын 26-27-февралында жалпы билим берүүчү предметтер боюнча мектеп окуучуларынын олимпиадасынын облустук/шаардык этабы өтүп, кечээ жыйынтыкталды.
Бишкек шаары
Олимпиаданын негизги милдеттери окуучулардын окуп жаткан предметтерге болгон кызыгуусун арттыруу, жогорку класстын окуучуларына кесип тандоодо жардам берүү, илимий чыгармачылыкка болгон жөндөмдүүлүгү жана кызыгуусу жогору окуучулардын чыгармачылык демилгелерин аныктоо жана өнүктүрүү болуп саналат.
— Жылдагыдай эле олимпиаданы таза өткөрүү максатында видеокөзөмөл аркылуу өттү. Быйылкы жылкы олимпиада И.Раззаков атындагы КМТУнун базасында математика, физика, химия предметтери боюнча, №38 мектептин базасында кыргыз тили, орус тили, англис тили, биология, география, тарых предметтери боюнча өттү. Мектеп окуучуларынын 2024-жылкы шаардык олимпиадасында биринчи жана экинчи орунду ээлеген 162 жеңүүчүлөр республикалык этапка катышат, — дейт Бишкек шаардык билим берүү департаментинин сектор башчысы Г.Акматова.
Талас облусу
Предметтик олимпиаданын 3-турунда облустук этаптан 36 окуучу мыкты деп табылып, республикага жолдомо алышты.
Облустагы Ү.Акынбеков атындагы мектептен үч окуучу физика, география, англис тили сабагынан катышкан.
— Эки окуучу англис тили сабагынан Сагынбекова Айназик 2-орун жана география сабагынан Бопунов Нурбол 2-орун алып, олимпиаданын республикалык туруна жолдомо алып отурушат. Ал эми физика сабагынан Анарбеков Элнур да активдүү катышып келди. Даярдаган мугалимдери Дилара Дөөлөталиева жана Жылдыз Качкынбаева, Аида Жунусалиева эжекелерди жана мектеп директору Раткул Шабданова эжекени, ар дайым окуучуларга багыт берип, мугалимдерди шыктандырып жүргөн окуу бөлүм башчысы Дилара Мамырбаева эжекелерди жана мектеп жамаатын жеңишиниздер менен куттуктайм. Бир мектептен эки орун республикага жолдомо алып отурат, бул абдан жакшы жетишкендик. Бардык мугалимдердин салымы зор деп айтмакчымын. Буйруса республикалык турга да ийгиликтүү катышып, Талас облусунун намысын татыктуу коргоп келишет деп ишенемин, — дейт Талас облустук усулдук билим берүү борборунун жетекчиси С.Бейшенова.
Талас облусу боюнча олимпиадага 139 окуучу катышты. Жыйынтыгында Талас шаары 1-орунга чыкты, 26 байгелүү орундарды ээлешти. Экинчи орунга 15 байгелүү орун менен Айтматов району, үчүнчү орунду 10 байгелүү орун менен Бакай-Ата району жана төртүнчү орунду төрт байгелүү орун менен Манас району чыкты. Ошентип, облустун атынан республикалык этапка 36 окуучу катышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Нарын облусу
Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун жетекчиси Касымбек Мамытовдун берген маалыматына таянсак, облустук турга 156 окуучу катышкан.
— Олимпиаданын 4-туруна облустан 30 окуучу суурулуп чыкты. Өзгөчө Ат-Башы, Кочкор райондорунан келген окуучулар алдыңкы орундарды жеңишти, — дейт жетекчи.
Ош облусу
Оштогу облустук Уркуя Салиева атындагы зээндүү балдардын мектеп-лицейинин базасында мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын III (облустук) баскычы өттү. Бул тууралуу Ош билим берүү институтунун директору Гульмира Турдубаева билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ башталган олимпиадага облус боюнча буга чейинки II (райондук) баскычта алдыга чыккан жалпы 294 окуучу катышып, алар төмөнкү багыттар боюнча ат салышууда: кыргыз тили жана адабияты (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн); кыргыз тили жана адабияты (окутуу орус/өзбек тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн); орус тили жана адабияты (окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн); орус тили жана адабияты (окутуу кыргыз/өзбек тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн); англис тили (базалык негизде окутулган класстар үчүн); англис тили (тереңдетилип окутулган класстар үчүн); тарых; география; математика (базалык негизде окутулган класстар үчүн); математика (тереңдетилип окутулган класстар үчүн); физика (базалык негизде окутулган класстар үчүн); физика (тереңдетилип окутулган класстар үчүн); биология (базалык негизде окутулган класстар үчүн); биология (тереңдетилип окутулган класстар үчүн); химия (базалык негизде окутулган класстар үчүн); химия (тереңдетилип окутулган класстар үчүн); информатика.
— Олимпиаданын ачылышында Президенттин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн өкүлдөр, окуучулар жана аларды даярдаган мугалимдер, ошондой эле райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлеринин катышты. Олимпиаданын облустук баскычы жыйынтыкталып, алдыңкыларды сыйлоо аземи уюштурулду. 17 багыт боюнча жалпы 34 окуучу олимпиаданын IV (республикалык) баскычына катышып, облусубуздун намысын коргомокчу, — деп кошумчалады Гульмира Турдубаева.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер