МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫН ТАМАКТАНДЫРУУНУН ТАЖРЫЙБАСЫ ЖАКШЫРУУДА

  • 15.01.2019
  • 0

Сокулук районундагы Ново-Павловка мектеп-гимназиясында 9-январда “Мектеп окуучулардын тамак-ашын оптималдаштыруу”  аттуу  темада  семинар тренинг болду.

МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫН ТАМАКТАНДЫРУУНУН ТАЖРЫЙБАСЫ ЖАКШЫРУУДА

МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫН ТАМАКТАНДЫРУУНУН ТАЖРЫЙБАСЫ ЖАКШЫРУУДА

 

 

 

 

Райондук деңгээлдеги семинарга БДАТ программасынын  баалоо жана мониторинг  боюнча  адиси  Мамуталиева  Перизат жана “Мерсико” уюмунун  азык-түлүк  компаниясынын менеджери Бокушев Руслан  жана Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн  башкы адиси Сакеева Назгуль катышты.

 

Райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси С.Абыканова Сокулук районундагы мектептерде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө маалымат менен тааныштырды.

 

Мектеп директорлорунун окуу тарбия иштери боюнча орун басарлары үчүн семинар- тренинг “ Тамак ашты уюштуруудагы негизги талаптар жана  принциптер” деген темада өткөрүлдү.

Тренингде төмөнкү суроолор каралды:

  1. Тамак-ашка жооптуулардын укук- милдеттери.
  2. Тамактануу боюнча тамак-ашка жооптуунун башталгыч класстын мугалимдери менен алып барган иши.
  3. Тамак-аш боюнча кандай класстык сааттардын өтүлүшү (1-4-кл ).
  4. Тамак-ашка жооптуу менен ата-эненин ортосундагы байланыш.
  5. Тамак-ашка жооптууда кандай документтердин болушу зарыл?

Тренингди  К.Шопокова атындагы №3 мектептин жана Биримкул атындагы мектептин директорлорунун орун басарлары :Бекташева Замира менен Кытаева Света алып барды.

МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫН ТАМАКТАНДЫРУУНУН ТАЖРЫЙБАСЫ ЖАКШЫРУУДА

МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫН ТАМАКТАНДЫРУУНУН ТАЖРЫЙБАСЫ ЖАКШЫРУУДА

Ал эми  ата-энелер комитетинин мүчөлөрү менен  “Окуучулардын тамак ашын   жакшыртуу максатында ата-энелердин ролу” аттуу темадагы талкууну З.Кайназарова атындагы жана Фрунзе №1 мектептеринин ата-энелер комитетинин мүчөлөрү Кондратенко Светлана жана Халматова Гульнара өткөрүштү.

Тренингдин жүрүшүндө мектептин  ашпозчулары өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтүштү.

МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫН ТАМАКТАНДЫРУУНУН ТАЖРЫЙБАСЫ ЖАКШЫРУУДА

МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫН ТАМАКТАНДЫРУУНУН ТАЖРЫЙБАСЫ ЖАКШЫРУУДА

Семинар-тренингдин аягында мектеп окуучуларына  ысык тамак берүү ишин мыкты уюштурган ашпозчуларга, жооптуу кызматкерлерге жана ата-энелердин өкүлдөрүнө райондук билим берүү бөлүмү  жана райондук профсоюз    уюмунун  комитетинин тарабынан   ыраазычылык кат берилди.

Бөлүшүү

Комментарийлер