МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИНИН ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯСЫНАН КИМДЕР ӨТТҮ?

  • 17.10.2024
  • 0

2024-жылдын III кварталында жүргүзүлгөн педагогикалык кызматкерлердин ыктыярдуу аттестациясынын экинчи этабынын (тестирлөөнүн) жыйынтыгы чыкты.

МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИНИН ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯСЫНАН КИМДЕР ӨТТҮ? МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИНИН ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯСЫНАН КИМДЕР ӨТТҮ? МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИНИН ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯСЫНАН КИМДЕР ӨТТҮ?

 Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин (Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору) кызматкери Самара Умралиеванын берген маалыматына таянсак, 2024-жылдын 17-октябрында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин базасында Бишкек шаарынан, Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарынан 44 мугалим ыктыярдуу аттестациянын 2-чи этабына  катышты.

— Эскерте кетсек, бул аттестациянын башталышы Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин (Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору) электрондук порталында 2024-жылдын 1-августунан 2024-жылдын 16-августуна чейин мугалимдердин (аттестация боюнча) квалификациялык категорияны ыйгаруу үчүн санариптик портфолиосу катталган, ошондой эле 2024-жылдын 16-августунан 11-сентябрына чейин мугалимдердин санариптик портфолиолоруна экспертиза жүргүзүлгөн жана мугалимдердин электрондук даректерине экспертизанын жыйынтыктары жөнүндө маалымат өз убагында жеткирилген, — дейт С.Умралиева.

Жалпы республика боюнча аттестациялоонун I-этабынан 2024-жылдын 3-кварталында мугалимдердин ыктыярдуу аттестациялоосуна 262 (100%) мугалим документтерин тапшырган. Анын ичинен 78 (29%) мугалимдин документтери экспертизадан жактырылып, экинчи этапка – тестирлөөгө чакырылган.

Алсак,

Облустардын (шаарлардын) аталыштарыКаралган арыздардын жалпы саныЭкспертизадан өткөн арыздардын саныЭкспертизадан өтпөй калган арыздардын саны
1Бишкек шаары651
2Ош шаары22418
3Баткен облусу45936
4Жалал-Абад облусу371324
5Нарын облусу514
6Талас облусу31526
7Ош облусу33627
8Чүй облусу411724
9Ысык-Көл облусу421824
 Кайталанган документтер  20
 Жалпы262 (100%)78 (29%)184 (71%)

Мугалимдердин квалификациялык категория ыйгарууга берилген арыздардын ичинен экспертизадан өткөн 78 мугалимдин арасынан 10 — жогорку квалификациялык категория, 27 – биринчи квалификациялык категория жана 41 – экинчи квалификациялык категорияларга берилгенин көрсөттү:

Алсак,

Мугалимдердин жалпы саны/Квалификациялык категорияларга берилген арыздардын жалпы сандык көрсөткүчтөрүЖогорку

квалификациялык категория (%)

Биринчи

квалификациялык категория (%)

Экинчи

квалификациялык категория (%)

178 (100%)10 (13 %)27 (35%)41    (52%)

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен экинчи квалификациялык категорияны ыйгарууга аттестациялануучуларды тестирлөөнүн жалпы босого баллынын деңгээли 70 баллдан төмөн эмес, биринчи квалификациялык категория 75 баллдан төмөн эмес жана жогорку квалификациялык категория максималдуу баллдан 80 баллдан төмөн эмес деп көрсөтүлгөн талабы бекитилген.

МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИНИН ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯСЫНАН КИМДЕР ӨТТҮ?МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИНИН ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯСЫНАН КИМДЕР ӨТТҮ?

 

Бүгүнкү тестирлөөгө катышкан мугалимдердин билимдери, билгичтиктери, көндүмдөрү жана профессионалдык стандартта белгиленген компетентүүлүктөрүнүн деңгээлдери боюнча төмөнкү жыйынтыктарды көрсөттү:

Алсак, тармактар боюнча талдоо төмөнкүлөрдү көрсөттү:

  • Педагогика жана психология тармагы боюнча 70 баллдан жогору көрсөткүчтөргө – 9 (21 %), 60-70 чейин балл – 16 (36 %), 25-60 чейин балл – 19 (43 %) мугалим жетишти;
  • Кесиптик компетенттүүлүк (билим берүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик жана укуктук актылары, IT — технологиялары ж. б.) тармагы боюнча 70 баллдан жогору көрсөткүчтөргө жетишкендер – 18 (41 %), 60-70 чейин баллдан жогору – 18 (41 %) мугалим, 35-60 баллга чейин – 8 (18 %) мугалим жетишти;
  • Предметтик компетенттүүлүк (кесиптик билим берүү жөнүндө дипломдогу маалыматка ылайык тиешелүү квалификация боюнча предметтик компетенттүүлүк, предметти окутуунун методикасы ж.б.) 70 баллдан жогору көрсөткүчтөргө жетишкендер — 8 (18 %), 60 — 70 чейин балл – 7 (16 %),  мугалим 30 – 60 чейин балл – 29 (66 %) мугалим жетишти.

Бүгүнкү тестирлөөнүн жыйынтыгы менен төмөнкү 2 мугалим топтогон баллдардын негизинде билдирилген экинчи квалификациялык категорияларын тастыктады:

  1. Асанакунова Нуржан Эсеналиевна, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын № 3 Жылкыайдар уулу Тилекмат аке атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин орус тили жана адабиятынын мугалими;
  2. Тентекова Мадина Жаныбековна, Бишкек шаарындагы “Билимкана” жалпы орто мектебинин англис тили сабагынын мугалими.                                                                                                          — 2024-жылдын 24-октябрында Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин Индустриялдык-педагогикалык колледжинде (Ош шаарында Гапар Айтиев көчөсү) Ош шаарынан, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан 32 аттестациялануучу үчүн тестирлөө пландаштырылганын маалымдайбыз, — деди Самара Кыдырмаевна.

Ыктыярдуу аттестациялоодон өткөн Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарындагы Жылкыайдар уулу Тилекмат аке атындагы № 3 мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Нуржан Асанакунованын айтымында, ал   орус тили жана адабияты предметинин мугалими болуп эмгектенгенине 9 жылдан ашкан, т.а. быйыл 10 жыл болот.

МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИНИН ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯСЫНАН КИМДЕР ӨТТҮ?

— Өз кесибимде өсүүнү кааладым. Мектебимде жаш мугалимдерге насаатчымын жана методикалык бирикмени дагы жетектеп келем. Санарип портфолио түзгөндө баардык эмгектерим бааланаары шыктандырды. Экинчи квалификациялык категорияга тапшыргам. Тестирлөөгө онлайн форматта даярдандым. Көп укук ченемдик актыларды окудум, педагогика жана психологияны кайталадым. Ошондой эле компьютерде көп иштедим. Өзүмө көп керектүү маалыматтарды алдым, — деди мугалим.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер