ТАЛАСТА ЖАНА ЧҮЙДӨ ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫ ӨТӨТ

  • 26.09.2022
  • 0

Эртең, 27-сентябрда, Талас жана Чүй облустарынын мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун экинчи айлампасынын компьютердик тестирлөөсү өткөрүлөт.

Талас облусунда директордун ваканттык орундарынын саны — 46. Компьютердик тестирлөө Талас мамлекеттик университетинде бир күндө үч нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 46дан талапкер катышат.

Чүй облусунда ваканттык орундардын саны — 86. Компьютердик тестирлөө И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде бир күндө үч нөөмөттө өтөт. Биринчи, экинчи нөөмөттө жүздөн, ал эми үчүнчү нөөмөттө 58 талапкер катышат.

Республикада мектеп директорлугуна талапкерлердин сынагынын биринчи айлампасында 486 талапкер босого баллдан жогору алган. Анын ичинен 363 талапкер конкурстун жеңүүчүсү  деп табылып, жалпы билим берүү уюмунун директору болуп дайындалды.

Мектепке директорлорду конкурстук тандоо президенттин жарлыгынын негизинде жетекчилердин кесиптик деңгээлин көтөрүү жана билим берүү мекемелерин башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында өлкөдө биринчи жолу өткөрүлүүдө. (НМ)

 

Бөлүшүү

Комментарийлер