Мектепке жети миң доллар наркындагы китептер белекке берилди
- 11.12.2025
- 0
10-декабрь күнү Кызыл-Кыя шаарындагы А.С.Пушкин атындагы орто мектебинде патриоттук маанидеги иш чара болуп өттү.
«Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин мүчөсү, запастагы капитан Гулзина Акматова демилгечи болуп, Россотрудничество уюмунун өкүлдөрү менен бирге келип мектепке жалпы суммасы жети миң долларга барабар 844 китеп тапшырышты.
«Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин мектептерде аскерге даярдык кааналарын ачууда салымы өтө чоң болгондуктан, Гульзина Акматова Кыргызстандын Агартуу министри Догдуркул Кендирбаевадан ыраазычылык кат менен сыйланган.
Ошондой эле мектептерде жаштарды мекенчилдикке тарбиялаган көптөгөн иш чараларды өткөрүп жүрөт. (КС)
Бөлүшүү








Комментарийлер