Мекенге кызмат – ыйык милдет
- 23.12.2025
- 0
“Мекенди коргоочулар” коомдук бирикмеси бир жылдык ишмердүүлүгүнө жыйынтык чыгарып, аткарылган иштерге кеңири баа берилген салтанаттуу жыйын өткөрдү. Бул иш-чара мекенчилдикти, жарандык жоопкерчиликти жана жаш муундарды аскердик-патриоттук тарбиялоону башкы максат кылган демилгелердин жыйынтыктоочу баскычы болду.
Улук лейтенант Бөрүбаев Абдибаит атындагы каанада болгон жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде “Аскерге чейинки даярдоо” сабагынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер өзгөчө белгиленип, практикалык машыгуулардын натыйжалуулугу баса көрсөтүлдү. Айрыкча, Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмү бул багытта үлгүлүү иш алып барып, мазмундуу иш-чараларды уюштуруусу менен айырмаланды.
Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Динара Абдырахманованын жетекчилиги астында райондогу аскерге чейинки даярдоо мугалими аскердик формада катышкан көрсөтмөлүү машыгуулар өткөрүлүп, анда курал-жаракты ажыратып-жыйноо, жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдарда аракет көрүү сыяктуу маанилүү практикалык көндүмдөр жогорку деңгээлде көрсөтүлдү. Бул иш чаралар Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинде ийгиликтүү уюштурулуп, катышуучулардын жогорку даярдыгын айгинеледи.
Мекенчилдикти даңазалаган бул демилгелерди колдоп, аскерге чейинки даярдоону өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Динара Абдырахманова “Мекенди коргоочулар” коомдук бирикмесинин “Сыймык” ордени менен сыйланды.

Ошондой эле билим берүү тармагында ак ниет эмгеги, жаштарды мекенге кызмат кылууга шыктандыруудагы аракеттери үчүн Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинин мүдүрү Канатбек Кожобековго, АЧД мугалими Өмүрбек Кудайбергеновго жана Кара-Суу районундагы Агартуу орто мектебинин АЧД мугалимине Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин Ыраазычылык каттары тапшырылды.
Иш-чаранын алкагында “Мекенди коргоочулар” коомдук бирикмесинин төрагасы Жайлообай Эшанкуловдун эмгеги да коомчулук тарабынан жогору бааланып, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Алтынбек Бектуровдун атынан сыйлыкка татыды. Ардак төш белгини Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри Илязбек Бабаев салтанаттуу түрдө ыйгарды.
Жайлообай Эшанкулов буга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ыраазычылык каты, Коргоо министрлигинин төш белгиси жана Агартуу министринини кызматташтык төш белгиси менен сыйланганын да айта кетели.
Бул жыйын мекенди сүйүү — сөз менен эмес, иш менен далилденерин дагы бир ирет тастыктап, аскердик-патриоттук тарбиянын коомдогу ордун айкын көрсөттү.










Комментарийлер