МЕКЕНЧИЛ СЕЗИМ МЕКТЕПТЕН БАШТАЛАТ
- 12.12.2025
- 0
Ош шаарындагы №25 Турсунбай Өмүрзаков атындагы мектепте сержант Улугбек Алиев атындагы аскерге чейинки даярдоо каанасы 2023-жылы «Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин демилгеси менен ачылган.
Бүгүн бул жакта мугалимдерин катышуусунда семинар жыйын болуп өттү. Бул иш-чарага «Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин төрагасы Жайлообай Эшанкулов жана бирикменин активдүү мүчөсү Жаныбек Калмуратов катышты.
Аталган мектептин директору Ш. Салиева өлкө боюнча 19 аскерге чейинки даярдык каанасы ачылганын баса белгилеп, Ж. Эшанкуловго ыраазычылык билдирди.
Мектеп окуучулары согуштук куралдарды чачып-жыйноонун эрежелерин, медициналык жардам көрсөтүүнүн ыкмаларын көрсөтүштү.
Мектептин директору Шарапат Салиева жана аскерге чейинки даярдык мугалимдери Шавкатжон Мирзамаитов, Махмуд Чутбаев «Мекенди коргоочар» коомдук бирикмесинин төш белгилери менен сыйланды. (КС)








Комментарийлер