МЭЭРИМ, АЙПЕРИНИН БИРИНЧИ УСТАТЫ ДҮЙШӨН ЖУМАНАЗАРОВ 70 ЖАШТА

  • 28.11.2025
  • 0

Чынында жашооңдо сен үчүн эң кызмат, урматтап туу туткан, үлгү, өрнөк кылган адамдар болот эмеспи?! Бир сөз менен эле алардын баалуулугун, артыкчылыктарын, касиеттерин, жакшы сапаттарын, мындайча айтканда образын баарына ачып жеткизе албайсың. Ал адам тууралуу көпкө чейин сүйлөгүң, ал киши тууралуу кенен дастан кылып айтып бергиң келет. Себеби андай адамдар бир тараптуу же оңой-олтоң эле киши болуп калбайт. Сезимиңдин түпкүрүнөн бийик, аруу, нарктуу, ары аялуу сөз тизмектегиң келет.

МЭЭРИМ, АЙПЕРИНИН БИРИНЧИ УСТАТЫ ДҮЙШӨН ЖУМАНАЗАРОВ 70 ЖАШТАОшентип, сенин жан-дүйнөңдөн орун алган ыйык адамдар бар. Бир карасаң алар бардык нерсенин башаты болгон түгөнбөгөн булактан башталган өмүр дайрасы, кылым санаты болуп турушат. Алар Ала-Тоодой бийик, Ысык-Көлдөй терең, Айкөл Манас бабабыздай нарктуу, электр энергиясынын булагы, башаты болгон Нарын дайрасындай кубаттуу, көп нерсени өзүнө батырып, дүйнө жүзүн, Жер энедей баарын көтөрүп тургандай сезилет. Анан дагы алар тоо суусундай, шаркыратмадай таза, бардык нерсени жууп кетирген ичинде кири жок, куулук-шумдукту билбеген айкөл кишилер. Мен үчүн өлкөбүздө эркин күрөштү бийиктикке жеткирген чыгаан устаттардын бири, кыргыз өңүн дүйнөгө, эл аралык аренага тааныткан балбандар Асейин Төрөгелдиев, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана башкаларды күрөш дүйнөсүнө алып келген  Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер, өлкөбүзгө эмгек сиңирген машыктыруучу, чыгаан устатым Дүйшөн (Рахмадил) Жуманазаров  өмүрү легендага айланган жаратман залкар адам. Ал улут сыймыгы болгон кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, дүйнө Кубогунун, олимпиада оюндарынын күмүш жана коло медалдарынын ээси, Азиянын чемпиону, Ислам тилектештер оюндарынын эки жолку чемпиону Мээрим Жуманазарованын, Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү Сезим менен Бактыгүл Жуманазарованын жөнөкөй эле атасы жана жеңиштерге шыктандырган биринчи устаты,   жөлөгөн тиреги! Мен спорт журналист катары Дүйшөн аганын шакирттеринин спорттогу ийгиликтерин, жеңиштерин жана ишмердигин, адамкерчилик бийик сапаттарын, ийгиликтерди жаратуудагы устаттык, саяпкердин касиеттерин айта берсем бир чоң китеп болчудай.

МЭЭРИМ, АЙПЕРИНИН БИРИНЧИ УСТАТЫ ДҮЙШӨН ЖУМАНАЗАРОВ 70 ЖАШТА  «Атадан артык уул, атага тең уул, атадан кем уул» – деп кыргыз эзелтен бекер айткан эмес. Чындыгында  анын өз аты Рахмадил болсо дагы эл-журт Дүйшөн деп билишет. Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “ Биринчи мугалим” повестиндеги башкы каарманы Дүйшөндөй эле кыз-келиндер күрөшүнүн башатында туруп, өзүнчө мектеп негиздеп койгону менен баалуу. Дүйшөн ага учурунда өз доорунун атага татыктуу уул боло алды. Ошондой эле устат катары жүздөгөн балбандардын талантын ачып, чоң спорттогу алгачкы кадамын негиздеп гана койбостон, адам катары, эр жигит, намысты туу кылган мекенчил кыздар катары калыптанышыбызга зор салым кошуп келатат.  Башкаларга окшобогон өзүнүн күрөш мектебин, устаттык өнөрканасын негиздеди.

МЭЭРИМ, АЙПЕРИНИН БИРИНЧИ УСТАТЫ ДҮЙШӨН ЖУМАНАЗАРОВ 70 ЖАШТА

«Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат»,- дегендей, айкөлдүктөн баштап, адилеттик, калыстык, бооркердик, адамгерчилик, караңгыда жол тапкан тапкычтыгы, кысталышта сөз тапкычтыгы, берешендиги, жоомарттыгы, меймандостук, сабырдуулук, уюштуруучулук, чечендик, эл менен тил табыша билген касиети жана баардык жакшы сапаттары менен башка машыктыруучуларына жана замандаштарына үлгү, өрнөк болуп келатат. Төгөрөгү төп келген, күрөштөн сырткары дагы бир нече өнөрү, шыгы бар, камылгасы шайма-шай инсан. Буга мен Дүйшөн аганы  көп жылдан бери билген  бирге жүрүп, ага-инидей ынак болуп, калгандыктан, ыры-сырларын билгендиктен жогору баалайм. Дүйшөн ага  эркин  күрөш сырларын терең билгени, жеңиштерге шыктандырганы, тагдырын күрөшкө арнаганы, күрөш жашоосунун маңызы болуп калганы, эл менен бирге иштегени, китепти көп окуганы, тарыхты, каада-салтты, санжыраны жакшы билгени мени ар дайым суктандырып келет. Мындай элди-жерди ойлогон, намысты туу туткан кишилер кыраакы, алдыны көрө билген, анан психолог да болуп калат тура. Дүйшөн Кадыркулович абдан акылман, жөнөкөй, бир эле эркин күрөш жана машыктыруучулук өз иши эмес, кыргыздын жан-дүйнө, салт-санаа, улуттук оюндарын, кыргыз спортунун тарыхын, маданиятын, үрп-адатын да мыкты билген мекенчил инсан. Аны менен баарлашсаң, дене тарбия жана спорттун, эркин күрөштүн сырларын, керемет дүйнөсүн ачкандай болосуң! Мен Дүйшөн аганы көптөн бери билип, көп сүйлөшүп, гезит, радио үчүн интервьюларды алып, кыргыздын андай кең кругозордуу, спорт чөйрөсүндө сейрек кездешчү касиеттерге ээ инсаны менен мамилелеш болгонума өзүмчө сыймыктанып жүрөм.

МЭЭРИМ, АЙПЕРИНИН БИРИНЧИ УСТАТЫ ДҮЙШӨН ЖУМАНАЗАРОВ 70 ЖАШТАЭл акыны Кубанычбек Маликовдун: «Эмгек деген башат экен соолбос, эмгек деген алтын экен чирибес», — деген ыр саптарына алда немедей төп келген, мээнет менен алтын байгелерди өлкөбүзгө жеңип келген балбандардын устаты Дүйшөн Жуманазаров менен тез-тез жолугуп, күрөшкө арнаган кызык сыр дүйнөсүн ачып, айрыкча, жашоо айлампасында бизге, күйөрмандарга «өмүрдүн эң кызыгын, рахатын берген» күрөштүн сырлары, келечеги, анын жылдарга, ондогон жылдарга (!) созулган машыктыруучулук ишмердиги, алдыдагы пландары, кыргыз күрөшүнүн келечеги тууралуу маңдай-тескей отуруп аңгемелешип,  ал тууралуу 70 жаш мааракесинде даректүү китеп жазсам деген максатым бар эле. Иш дегенде ичкен ашын жерге койгон, машыгуулардан колу бошобогон, келечегинен үмүткөр кылган балбан кыздарды эл аралык мелдештерге алып барып, деле бир чолоосу тийбей, улам кийинкиге калтыра берип, ал китеп башталганы менен мааракесине бүтпөй калды. Ийгиликтин эрте кечи жок дегендей бир күнү күрөш күйөрмандарынын колуна да тийип калаар…

«Күрөш – бул дагы адамзаттын талантын, мүмкүнчүлүктөрүн, өнөрүн ачып берген искусство», — дешет. Калетсиз сөз. Эмесе, Дүйшөн Кадыркул уулунун кыскача өмүр жолу,  намыска жарап, Кыргызстанды дүйнөгө, Азияга тааныткан атактуу кызы Мээрим, жаштар арасында дүйнө чемпиону, дүйнө чемпионатынын кумүш байге ээси, Азия чемпиону Айпери Медет кызы,  дүйнө чемпиондору болушкан шакирттери Асейин Төрөгелдиев,  Максат Бобурбеков, Бообек Төтөшев, Эркинбек Үмөталиев, Манас Мураталиев жана башкалар тууралуу учкай гана баяндай кетейин.

МЭЭРИМ, АЙПЕРИНИН БИРИНЧИ УСТАТЫ ДҮЙШӨН ЖУМАНАЗАРОВ 70 ЖАШТАДаңазалуу устат Жуманазаров Рахмадил (Дүйшөн) Кадыркулович 1955-жылы 27-июнда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Биринчи май айылында туулган. 1962-1972-жылдардын аралыгында Биринчи май орто мектебин бүтүргөн. 1973-1975-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1976-1980-жылдары Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтунда жогорку билим алып, спорттук күрөш боюнча машыктыруучу деген адистикке ээ болгон.  Алгач Бакай-Ата райондук өспүрүмдөр жана балдар спорт мектебинде эркин күрөш боюнча машыктыруучу катары эмгек жолун баштаган. Ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин машыктыруучулук кесибин аркалап, көптөгөн ийгиликтерди жаратты жана ааламга атагы даңазаланган балбан уул-кыздарды тарбиялап өстүрдү.  Жуманазаров Рахмадилге 1992-жылы Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучусу наамы ыйгарылса, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорттуна эмгек сиңирген кызматкер деген наамы берилген.

МЭЭРИМ, АЙПЕРИНИН БИРИНЧИ УСТАТЫ ДҮЙШӨН ЖУМАНАЗАРОВ 70 ЖАШТАМашыктырган спортчулар:  Кыргызстандын эл аралык спорт чебери Максат Бобурбеков 1984-жылы СССРдин мектеп окуучуларынын арасында өткөн спартакиадада коло медалды багындырган. 1985-1986-1987- жылдары СССРдин «Динамо» спорт коомунун Борбордук кеңешинин биринчилигинде алтын медаль уткан. 1991-жылы Запорожье шаарында өткөн КМШ мамлекеттеринин чемпиону болгон. 1994-жылы Жапониянын Хиросима шаарында өткөн Азия оюндарында күмүш медаль тагынган.  1995-жылы Филиппиндеги Азия чемпионатынын коло байге ээси. 1998-жылы Кыргыз Республикасынын спартакиадасында алтын медаль уткан. 2000-жылы Австралиянын Сидней шаарында өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучусу болгон.

Дагы бир шакирти Асейин Төрөгелдиев Кыргызстандын көп жолку чемпиону, СССРдин «Динамо» спорт коомунун Борбордук кеңешинин биринчилигинин чемпиону. 1991-жылы Запорожье шаарында өткөн КМШ мамлекеттеринин чемпионатында алтын медаль уткан. 1994-жылы Венгриянын борбору Будапешт шаарында өткөн жаштар арасында дүйнө чемпионатында баш байге утуп, дүйнө чемпиону аталган. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү федерациясынын биринчи президенти катары күрөштүн өнүгүшүнө зор салым кошкон.

Дүйшөн агадан таалим-тарбия алган Манас Мураталиев эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү болгон. Күрөштүн эки түрү боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону. Польша эл аралык турнирдин жеңүүчүсү. СССР спартакиадасынын катышуучусу. Ушул тапта агайынын жолун жолдоп, устат болуп, алдыңкы машыктыруучулардын бири катары таанылып келатат.

Дагы бир шакирти Гамзат Ажыбаев Гамзат Кыргызстандын көп жолку чемпиону болуп, СССРдин «Динамо» спорт коомунун Борбордук кеңешинин биринчилигинин жеңүүчүсү болуп саналат.

Дүйшөн агайнын кыз-келиндер күрөшү боюнча өстүргөн балбан кыздарын күрөш күйөрмандары жакшы билишет.

МЭЭРИМ, АЙПЕРИНИН БИРИНЧИ УСТАТЫ ДҮЙШӨН ЖУМАНАЗАРОВ 70 ЖАШТА

Дүйнө жана Азия чемпиону, дүйнө кубогунун чемпиону, Токио олимпиадасында коло медалдын, Париж Олимпиадасында күмүш медалдын ээси Мээрим Жуманазарова дагы эле табында экенин далилдеп, жакында эле Сауд Арабияда өткөн Ислам тилектештик оюндарында экинчи ирет алтын медаль тагынып, жалпы журтту кубандырды.

Азия оюндарында коло медалдын ээси, 23 жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунда коло жана күмүш медалдардын ээси, Азиянын чемпиону Айпери Медет кызы да Дүйшөн аганын шакирти.

МЭЭРИМ, АЙПЕРИНИН БИРИНЧИ УСТАТЫ ДҮЙШӨН ЖУМАНАЗАРОВ 70 ЖАШТА

Кызы Сезим Жуманазарова жаштар арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло медалды багындырып, эжеси Мээримдей келечегинен үмүткөр кылып келүүдө. Дүйшөн аганын дагы бир кызы Бактыгүл  Жуманазарова  Азия боюнча жаштар арасындагы чемпионатта коло медалды утуп, келечекте Мээрим эжесиндей дүйнө чемпиону болуп, олимпиадалык оюндарда чемпион болууну тилек кылып жүрөт.

МЭЭРИМ, АЙПЕРИНИН БИРИНЧИ УСТАТЫ ДҮЙШӨН ЖУМАНАЗАРОВ 70 ЖАШТА

Дүйшөн аганын дагы бир шакирти Байызкулова Адинай 2023-жылы  Якутск шаарында өткөн «Азия балдары» VIII эл аралык оюндарында алтын медаль уткан.

Ал эми ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиону болгон Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Төтөшев дагы Дүйшөн аганын шакирти. Ал аралаш мушташ өнөрү (ММА) боюнча республиканын 6 жолку чемпиону жана эл аралык турнирлердин көп жолку жеңүүчүсү.

Ардагерлер арасындагы самбо боюнча Дүйнө чемпиону, белгилүү спорт ишмери Эркинбек Үметалиев да Дүйшөн Жуманазаровдун шакирти болуп саналат.

Ошондой эле Бишкек шаарындагы Абдылда Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп- гимназиясында Дүйшөн Жуманазаровдон таалим-тарбия алып жатышкан элүүдөй балбан кыздардан келечекте дүйнө, Азия чемпиондору чыгаарын бөркүмдөй эле көрүп, сүйүнүп жүрөм.

— Бала кезибизден күрөшкө кызыкканбыз, бирок ал убакытта айылда эч кандай күрөштүн машыккан ийримдери жок, машыктыруучулар жок. Биз өзүбүз кызыгып, бала кезибизде саздын үстүндө күрөшкөнбүз, анысы кандай ошол кездеги Кыргызстанга белгилүү болгон балбандардын ичинен Рапап Жанаев жана Чубак Карачалаев менен бир өскөм. Алар менден бир жаш улуу болушкан, ошолор менен кечке чейин айылда күрөшкө кызыккан балдар өзүбүздөн чоңураак байкелерибиз айыл четиндеги сазда күрөштүрүшкөн. Бирок “Биринчи май” айылы Талас облусундагы эң көп чемпиондор, же болбосо белгилүү балбандар чыккан айыл.  Чоң атам Жуманазар менен бир тууган Жээнмырза агабызды айылдагылар балбан катары айтып калышат.  Жээнмырза 10-15ге жакын балбан менен күрөшүп, баарын жеңген” деп айтышкан. Ошол күрөштөн кийин “көз тийип кайтыш болгон” деп эскеришет. Абдыкалык деген агабыз аюу менен күрөшүп, Токтогулдан бир чоң таар кап тузду жонуна салып келген” деп айтышат.  Ачарчылык жана согуш убагында эч кимде туз болгон эмес. Бир чоң таар кап тузун мындай эле жүз килого жакын чыгат болушу керек. Токтогул менен Таластын ортосу бир топ жер да. Малабай деген агабыз болгон, анын мындай көтөргөн ташы болгон, аны биз толуп турган убакта кыймылдата алган эмеспиз. Биз көрүп калган Жумаалы аксакалыбыз күрөшүп, андан сырткары Киров айылындагы дөңдөн бир ирет  тамаша кылып “ тиги чоң буканы көтөрө аласыңбы” деп мелдеше кетишет. Ал буканы көтөрмөк турсун, дөңдөн өйдө чыгып, ары ашып кеткен экен. Кийинки убактарда Кыргызстандын бир канча жыл чемпион болгон Айти Шамшиев 60-70 грамм салмак категориясында күрөшкөн. Ал  айылдагы тойлордо 100 килограмм салмагындагы балбандарды да көтөрүп чапкан. Ал кишинин өзүнчө бир ыкмалары болгон, таластыктар “иштен чалмай”, ал эми көлдүктөр “торой чалмай” деп аташат. МЭЭРИМ, АЙПЕРИНИН БИРИНЧИ УСТАТЫ ДҮЙШӨН ЖУМАНАЗАРОВ 70 ЖАШТАМен 2012-жылдан баштап кыздар менен иштеп,  бул биринчи топтомум Мээрим, Сезим, Айпери, Айжан деген жакшы кыздар машыккан. Кээ бир айылдарда түшүнбөстүк, ата энелеринин спортко карата мамилеси туура эмес болгондуктан көп кыздар күрөштү таштап, кийин өкүнүп жүрөт. Мисалы, Айжан Абыкеева чынында аябай таланттуу кыз болгон, эл аралык мелдештерди Казакстан жана Өзбекстандан жеңип жүргөн, бирок Индияда өткөн Азия чемпионатына катышкандан кийин күрөштү таштап койгон.  Күрөштөн сырткары дагы фермер болуп, дыйканчылык кылдым. Азыркы кезди айта кетсем, мен Бишкекке келип иштегениме үчүнчү жыл болуп жатат, айылдагы 20 кыздарды шаарга алып келгем. Азыр бул жерге келип иштеп калгандан кийин “Дүйшөн агайга берели” деп кээ бирөөлөр менин, кээ бирөөлөр Мээримдин атын угуп келишет. Республиканын бардык булуң бурчунан 50гө жакын кыз-келиндер машыгат. Республикада эң көп кыздардын уюгу №1 лицей интернаты болуп, жатакана жакшы жерде жайгашкан, директору Жыргалбек Курманбеков дагы буга жакшы көңүл бурууда. Жаңы заманбап спорт залы салынды, мына быйыл сентябрь айынан баштап кирдик. Кыздар өзгөчө жакшы маанайда, себеби дегенде мурда жууна турчу душ жок, кичинекей залда машыксак, азыр душу бар заңгыраган зал, машыктыруучу залы жана ыңгайлуу шарттары бар. Келечекте Мээрим, Айперидей Кыргызстанды дүйнөгө тааныта турган жаш балбан кыздарым бар, -дейт өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Дүйшөн Жуманазаров.

Жашынан эл, жерим деп бийик максат коюп, Ата Журтун намысын артык көргөн жанынан, дал ушундай мекенчил, намыскөй адамдары бар үчүн, Кыргыз кылымдарды карытып, өсүп, өнүгүп, ата конушун, мекенин чет душмандардан коргоп, көздүн карегиндей сактап, каада-салтын, наркты бекем тутуп, баатырдыгы, эрдиги, балбандыгы, каармандыгы менен таанылып жашап келатканы, муундан муунга мурас болгон баалуулуктарын, өнөрүн улантып, байлыкка да, мансапка да жулунбай, өлкөбүзгө эркин күрөштөн дүйнөгө тааныткан балбандарды тарбиялап, көкүрөк койгулап мактанбай, арабызда ушундай патриот азамат Дүйшөн ага жүргөнү эле, жеңиштердин жана ийгиликтердин сыры, баа жеткис табылга экенин билип, баалап, барктай жүрүшүбүз зарыл.  Дүйшөн аганы ушундай даражага жетүүсүнө зор салым кошуп, ар дайым колдоого алып келаткан жубайы Айнура Чолпонкулова эжеге да жогорку баа берем.

Желбиреген кыргызымдын кырмызы кызыл туусунун бийик көтөрүп, жеңиштердин бийик сересинде кыргыз өңүн, мамлекетибизди дүйнөгө, Азияга тааныткан балбан жигиттер жана кыздар Дүйшөн аганын шакирттери экенин айтып, башкаларга үлгү, өрнөк кылуу биздей журналисттердин, жазуучулардын милдет, парзыбыз. Анда кыргыздарды, спортчуларды, балбандарды бийиктиктерге баштаган Кудай берген мыкты устаттык касиет, жаштарга үлгү, өрнөк болгон сапаттардын баары бар. Терең дайра шашпай агат дегендей, Дүйшөн  Жуманазаров океандай терең, Теңир-Тоодой бийик, Ысык-Көлдөй кенен, жаш-карыны бирдей калыс караган элдик адам.

Билим берүүнүн мыктысы Дүйшөн Жуманазаровдун 70 жаш мааракесине арналып Бишкекте кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык мелдеш 29-30-ноябрда болгону камылга көрүлүүдө.

“Кут Билим” гезитинин жамааты дагы чыгаан устат, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Дүйшөн (Рахмадил) Жуманазаровду 70 жаш кутман курагы, мааракеси менен куттуктайт.

Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Бөлүшүү

Комментарийлер