Медакадемиянын студенттери Гран-приге ээ болушту
- 11.12.2025
- 0
И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери Москва шаарында Сеченов университетинин базасында өткөн онкология жана ядролук медицина боюнча V Эл аралык олимпиадада өз окуу жайын татыктуу деңгээлде тааныта алышты. Иш-чарага бир нече өлкөлөрдүн алдыңкы медициналык университеттеринин командалары катышып, клиникалык учурларды чечүү, практикалык көндүмдөрдү көрсөтүү жана илимий-аналитикалык тапшырмалардан турган сынактар жогорку атаандаштыкта өттү.

КММАнын командасы мыкты даярдыгын, кесипкөйлүгүн жана жогорку жоопкерчилигин көрсөтүп, Олимпиаданын Гран-присин утуп алды — бул иш-чаранын эң башкы байгеси. Ийгилик студенттердин үзүрлүү эмгегинин, илимий кызыгуусунун жана окутуучулардын колдоосунун жыйынтыгы болду.
Команданын курамы:
1. Мухамбетова Альдина Нурбековна — Дарылоо иши — 2, 5-курс, 52-топ
2. Гулиев Гулу Рустамович — Дарылоо иши — 2, 5-курс, 27-топ
3. Акылбеков Искендер Акылбекович — Дарылоо иши — 1, 6-курс, 6-топ
4. Иманалиева Гулина Робертовна — Дарылоо иши — 2, 5-курс, 39-топ
5. Аскербек кызы Элназ — Дарылоо иши — 1, 5-курс, 9-топ
Бул чоң жеңиш окуу жайдагы медициналык билим берүүнүн жогорку деңгээлин дагы бир жолу далилдеп, академиянын эл аралык аброюн чыңдайт. Мындай олимпиадаларга катышуу студенттерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, кесиптик өсүүгө жана эл аралык тажрыйба алмашууга кеңири шарт түзөт.
Студенттерибизди жана окутуучуларыбызды чын жүрөктөн куттуктайбыз! Мындан аркы ишмердигинде ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди жана зор жеңиштерди каалайбыз!
Комментарийлер