МАНАСЧЫ ДӨӨЛӨТ СЫДЫКОВ: “БАШЫБЫЗГА КИЙГЕН КАЛПАКТАН БАШТАП, СҮЙЛӨГӨН СӨЗҮБҮЗГӨ ЧЕЙИН МАНАС АТАДАН КАЛГАН”

  • 18.11.2020
  • 0

18-ноябрда Билим берүү жана илим министрлигинин эмгек жамааты 12-ноябрда Гиннеcтин рекорддор китебине кирүү  максатында 14 сааттан ашык ынбай манас айткан Дөөлөт Сыдыков менен жолугушту. 

МАНАСЧЫ ДӨӨЛӨТ СЫДЫКОВ: “БАШЫБЫЗГА КИЙГЕН КАЛПАКТАН БАШТАП, СҮЙЛӨГӨН СӨЗҮБҮЗГӨ ЧЕЙИН МАНАС АТАДАН КАЛГАН”

Иш-чарада манасчыга Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова ыраазычылык билдирип, министрликтин атынан чакан белек тапшырды. Дөөлөт Сыдыков болсо алгач сөзүн “Манас” эпосунан кыска үзүндү айтып берүү менен баштап, “Кыдыр даарыган элдин тукумубуз. Башыбызда кийип турган калпагыбыздан баштап, сүйлөгөн сөзүбүзгө чейин Манас атабыздан калган. Биздин кудайдан кийинки колдоочу, сактоочу пирибиз дагы Манас атабыз. Бабаларыбызды өзүбүз коргоп, сактап калбасак кытайлар, араптар келип коргоп бербейт. Өзүбүздү өзүбүз сыйлай албасак, өзгөлөр бизге сый көрсөтпөйт”, — деген сөзү менен аяктады.

“Манас” эпосундагы баалуулуктар, идеологиялар жөнүндө кеп болуп, түрдүү багыттагы суроолорго дагы жооп берди.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер