МАНАС – УЛУТ БИРИМДИГИ ЖАНА ЫНТЫМАГЫ

  • 11.12.2025
  • 0

Бүгүн, 11-декабрда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Манас – улут биримдиги жана ынтымагы» маалымат өнөктүгүнүн Концепциясын  жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Уңгужол Концепциясын ишке ашыруунун алкагында «Манас» эпосунун улуттук биримдиктеги, руханий дүйнөтаанымдагы жана тарыхый эс тутумдагы ордун талдоого багытталган илимий-практикалык конференция Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинде өттү.

 

МАНАС – УЛУТ БИРИМДИГИ ЖАНА ЫНТЫМАГЫ

 

Иш-чарага мамлекеттик бийлик органдарынын, илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү катышып, «Манас» эпосунун бириктирүүчү идеяларын жана Уңгу жолдун руханий-идеологиялык маңызын талкуулашты.

Конференциянын негизги максаты — эпостун улуу идеяларын азыркы коомдук-маданий контекстте кайра чечмелеп, аны мамлекеттик идеология, билим берүү, маданият, илим, жаштар тарбиясы жана маалымат саясатында системдүү колдонуу механизмдерин аныктоо.

Катышуучулар «Манас» эпосу улуттук иденттүүлүктүн түпкү коду гана эмес, коомду бириктире турган баалуулуктардын, мекенчилдиктин, руханий туруктуулуктун жана тарыхый мурастын жашап турган булагы экенин белгилешти. Эпостогу ынтымак, биримдик, эл башкарууда адилеттүүлүк, ата журтка берилгендик, урук-тууганды, улуу-кичүү муунду бириктирген жоопкерчилик сыяктуу тереӊ идеялар бүгүнкү өлкөнүн өнүгүү саясаты жана Уңгужол менен түздөн-түз шайкеш экени айтылды.

Баяндамаларда тарыхый илимий талдоо, руханий өзөк, улуттук идеянын жаратмандык потенциалы, Манастын образынын аң-сезимди калыптандыруудагы орду, ата-бабалар жолунун философиясы, жаштарды тарбиялоодогу моралдык кодекс, ошондой эле маданий мурасты муундар аралык өткөрүү механизмдери сыяктуу маселелер кеңири каралды.

Катышуучулар эпостогу идеяларды практикалык чөйрөлөргө — мектептин жана жогорку билим берүү программаларына, жаштар саясатына, мамлекеттик кызмат маданиятына, маданий-гуманитардык долбоорлорго жана маалыматтык медиаконтентке интеграциялоо зарылдыгын айтышты.

Ошондой эле «Манас» эпосунун илимий изилденишин күчөтүү, манасчылык мектептерди, илимий-гуманитардык экспедицияларды, архивдик жана текстологиялык иштерди колдоо боюнча сунуштар берилди. Эпоско таянган руханий-идеологиялык платформа коомдук стабилдүүлүктү чыңдоодо жана улуттун келечек багытын аныктоодо маанилүү фактор экени белгиленди.

Жыйынтыгында, катышуучулар «Манас» — улутту бириктирген идеялардын өзөгү, ал эми Уңгужол — өлкөнүн өнүгүү багытын аныктаган руханий-дүйнөтаанымдык концепция экенин баса белгилешти. Эки фундаменталдуу түшүнүктү айкалыштырып, иш жүзүнѳ ашыруу — маданий саясаттын, билим берүү реформаларынын жана улуттук идеологиянын артыкчылыгы болушу керек деген бирдиктүү пикир айтылды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер