«МАНАС»: ТАЛАШ, ТАЙМАШ, БААЛАШ…»
- 20.01.2023
- 0
“Ушундай маанидеги эмгек жазуу керекпи же жокпу, көпкө ойлондум. Акыры бир чечимге келип, окурманга тартуулап отурам. Убагында ар кимдин карманган чындыгы болуп, кайсынысы туура, кимиси чындыкка көбүрөөк жакын экенин так аныкташ кыйын болгон маселелердин көбү мезгил сынынан өтүп такталат экен. Бул китепте мен кайрылмакчы болуп жаткан инсандар өз мезгилинин эң көрүнүктүү маданий, саясий ишмерлери болгон. Алардын баары кыргыз тилинин, кыргыз маданиятынын, эң башкысы улуу “Манас” эпосубуздун чыныгы күйөрмандары болушкан. Баарынан кызыгы, алар ушул маселелердин айланасында көп талашып-тартышкан. Жакшылап сереп салып көрсөк, ал карама-каршылыктардын тамыры барып идеология маселесине такалгандай… Мен колдон келишинче фактылардын жана материалдардын негизинде объективдүү жана позитивдүү болууга аракет кылдым…”, — дейт академик Абдылдажан Акматалиев «Манас»: талаш, таймаш, баалаш…» аттуу илимий-публицистикалык китебинин баш сөзүндө.
Бул эмгекте автор “Манас” эпосунун үчилтигине карата улуу инсандардын мамилелерин жана өз ара карым-катнашын фактылардын негизинде илимий-популярдуу планда объективдүү чагылдырууга аракет кылган. Китептин баалуулугу мына ушунда. 17-январда КТРКнын концерттик залында өткөн китептин бет ачарында да илимий чөйрө эмгектин ушул жагына басым жасап, кыргыз тарыхы улана берерин жана аталган китеп ага эң сонун булак болуп берерин баса белгилешти.
– Биз, улуу Манасты жараткан элбиз, Манасты курандай жаттаган элбиз. Манас — алтын, асыл. Алтынды баткакка салып алып канча тебелесең да жалтыраган бойдон тура берет. “Манас” эпосу чоң державаны – Советтер Союзун чочуткан, кооптонткон, ойлонткон. Аны жайылтууга тыюу салынган. Манас изилдөөчүлөрдү куугунтукташкан. Ошол Манаска, адабият алпы Чыңгыз Айтматовго байланып, алардын талантына башын салып, Ат-Башыдан куржундун бир жагына Манасты, бир жагына Айтматовду салып алып шаарга келген бала мына бүгүн академик болуп, эл оозуна алынып, маданий, илимий чөйрөдө өз ордун таап, белгилүү адам болуп отурат. Ушул эмгегинде Манастын айланасындагы чатактардын, талаш-тартыштардын, ага баа берген илимпоздордун башын эл билип алсын деп булактын көзүн ачкандай кылып ачып коюптур. Эмне кылып талаштык эле? Кандай кылып тартыштык эле муну кантип баалашыбыз керек? Бул эмгек ушул суроолорго жооп алуу үчүн керек, — дейт өз сөзүндө Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов.
Даңктуу адамдарды жаман сөздөр коштоп жүрөрүн, көралбастык көп болоруна токтолгон академик Абдыганы Эркебаев авторду “Манас” эпосунун айланасында, ага байланыштуу кыргыз интеллигенциясынын ортосунда болгон талаш-тартыштарды далилдер, фактылар, архивдик материалдар менен абдан жакшы изилдеп чыкканын баса белгиледи.
– Билген кишиге бул чоң эмгек! Кубанычбек Маликовдун, Аалы Токомбаевдин, Түгөлбай Сыдыкбековдун эмгеги, Чыңгыз Төрөкуловичтин, Турдакун Усубалиевдин Манаска болгон мамилеси, өзгөчө Кубанычбек Маликов боюнча сен биринчи изилдеп жатасың. Бул абдан жакшы. И.Раззаковду да кошуп кетүү керек. Анткени анын да эмгеги бар. Убагында биздин атактуулардын ортосунда талаш-тартыш көп болгон. Айталык Токомбаев менен Сыдыкбеков, Тыныстанов менен Токомбаев, кийин Чыңгыз Айтматов жаңы чыкканда эски жазуучулардын жол бергиси келген эмес, жумшак айтканда, атаандаштык болгон. Ушулар жөнүндө абдан жакшы айтылыптыр. Эмне үчүн Чыкебиздин Нобель сыйлыгын албай калганы жөнүндө да макалалар жана мен билбеген да фактылар бар экен. Ал үчүн авторго рахмат айтам. Буюрса, кыргыз тарыхы уланат. Аталган китеп ага эң сонун булак болуп берет, — дейт академик.
Иш-чарада Абдылдажан Акматалиевдин чыгармачылыгына байланыштуу Молдосейит Мамбетакунов тарабынан тартылган документалдуу кино тасманын жана А.Акматалиевдин жаңы жазылган «Жашагым келет эмне үчүн?!» аттуу ырлар жыйнагынын, ошондой эле академиктин эмгек жолуна арналган Сапалкан Ариповдун «Кумурска» аттуу китебинин бет ачары да болду.
Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”
Комментарийлер