МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН ҮЧ АЙЛЫГЫ ЖАРЫЯЛАНДЫ

  • 12.09.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялады.

Буйрукка ылайык, менчигинин түрүнө карабастан республиканын бардык билим берүү уюмдарында 2024-жылдын 10-сентябрынан 10-декабрына чейин мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланып, 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү бардык билим берүү уюмдарында салтанаттуу белгилениши керек.

Мындан сырткары билим берүү уюмдарынын  жетекчилери мамлекеттик тилдин үч айлыгына карата  ички иш-чаралар планын  түзүп, аткарышы керек.

Аталган иш-чаранын  жыйынтыгы боюнча салтанаттуу иш-чара 2024-жылдын 12-декабрында “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда өткөрүлөт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер