«МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КОРГОЛУУГА ЭМЕС, КОЛДОНУЛУУГА МУКТАЖ»

  • 12.02.2026
  • 0

Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн «Мамлекеттик тил корголууга эмес, колдонулууга муктаж» аттуу иш-чара өткөрүлдү.

«МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КОРГОЛУУГА ЭМЕС, КОЛДОНУЛУУГА МУКТАЖ» «МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КОРГОЛУУГА ЭМЕС, КОЛДОНУЛУУГА МУКТАЖ» «МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КОРГОЛУУГА ЭМЕС, КОЛДОНУЛУУГА МУКТАЖ»

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар тарабынан даярдалган театралдаштырылган көрсөтмө тартууланып, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, Улуттук комиссиянын төрагасы М. Мураталиев сөз сүйлөп, «Мамлекеттик тилди үйрөнүү боюнча колдонмолор» аттуу презентациясын сунуштап, мамлекеттик тилди күнүмдүк турмушта жана иш кагаздарында кеңири колдонуу зарылдыгын белгиледи.

Иш-чара суроо-жооп форматындагы мазмундуу талкуу менен жыйынтыкталды.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер