Мамлекеттик сыйлык ээлери: залкар жазуучу жана билим берүү менен илимдин чыгаан ишмерлери
- 23.12.2024
- 0
Кыргыз эл жазуучусу Кенеш Жусупов жана академик Кубат Осмонбетов “Кыргыз Республикасынын эмгек баатыры” жогорку артыкчылык белгиси менен сыйланды.
“Ынтымак -Ордодо” президент Садыр Жапаров мамлекетке ак кызмат кылган ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Алардын арасында билим берүү жана илим тармагынын дагы татыктуу өкүлдөрү бар.
III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды:
Мамытов Абакир – Кыргыз билим берүү академиясынын технология, искусство жана ден соолук маданияты лабораториясынын башкы илимий кызматкери;
“Даңк” ордени менен:
Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети;
Омукеева Джумакан Алинуровна – Ош региондук медициналык колледжининдиректорунун финансылык-административдик иш боюнча орун басары;
“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” мамлекеттик ардак наамы менен сыйлагандар:
Арстанбекова Зейнеп, Бишкек шаарынын Ленин районунун № 9 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин директору
Карачева Өмүркүл — Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын З. Исаева атындагы № 4 мектеп-гимназиясынын тарых мугалими
Мергенбаева Салтанат – Баткен облусунун Кадамжай районунун С. Айни атындагы № 15 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
Турумбекова Наскуль – Чүй облусунун Чүй районунун Кошой айылынын орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими
“Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” деген ардак наамы менен сыйлангандар:
Абдрахматов Канатбек – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;
Алиев Шаршеналы – И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин математика жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын профессору;
Тургумбаев Жеңишбек – И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин механика жана өндүрүштүк инженерия кафедрасынын профессору;
“Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наамы менен сыйлангандар:
Абытов Байболот – Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасынын профессору;
Жакыпбеков Жаныбек – Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу институтунун Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын профессору;
Карымшакова Айша – К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин кыргыз жана түрк тилдеринин теориясы кафедрасынын профессорунун милдеттерин аткаруучу;
Токтомаметов Алмазбек – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору;
Торогельдиева Конуржан – И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин математика жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын профессору;
“Даңк” медалы менен сыйлансын:
Галбаев Жалалидин Токтобаевич – И. Раззаковатындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин электромеханика кафедрасынын профессору;
Макешова Нестандаражан Кемелджановна – Чүй облусунун Жайыл районунун Сосновка орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими; Мамадалиева Замиракан – Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын ардагери; Темикеев Конушбек – И. Раззаковатындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин курулуш контрукциялары, имараттар жана курулмалар кафедрасынын профессору;
Комментарийлер