МАМЛЕКЕТ УГУУСУ НАЧАР БАЛДАРГА 30 МИЛЛИОН СОМГО СҮЙЛӨӨ ПРОЦЕССОРЛОРУН АЛЫП БЕРДИ
- 18.08.2026
- 0
Кыргызстанда эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен угуусу начар балдар үчүн сүйлөө процессорлору сатылып алынды. Австралиядагы «Cochlear» компаниясынан түздөн-түз алынып келинген 35 даана жабдуунун жалпы наркы 30 миллион сомду түздү. 
Бул заманбап аппараттарды тапшыруу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык мекемеде болуп өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Эмгек министринин орун басары Аида Исатбек кызы, адистер жана ата-энелер катышты. Алгачкы күнү, 18-августта, 11 бейтапка аппараттар берилип, адистер ар бир баланын өзгөчөлүгүн эске алуу менен кесипкөй деңгээлде орнотуп, жөндөп беришти. Калган жабдуулар 19-20-август күндөрү өз ээлерине тапшырылары пландалууда. 
Министрдин орун басары Аида Исатбек кызы бул саамалыкты өлкөбүз үчүн маанилүү жетишкендик катары баалап, бир процессордун баасы орточо 800 миң сомду түзөрүн белгиледи. Анын айтымында, мындай кымбат баалуу жабдууларды үй-бүлөлөрдүн өз чөнтөгүнөн сатып алышы өтө оор каржылык жүк болмок, ошондуктан мамлекет тарабынан бөлүнгөн бул каражат балдардын келечегине жана толук кандуу жашоосуна жасалган чоң камкордук болуп саналат.
Эскерте кетсек, сүйлөө процессору — кохлеардык имплантация системасынын тышкы бөлүгү катары кызмат кылат. Ал айланадагы үндөрдү кабыл алып, импланттын ички бөлүгүнө өткөрүп берет. Мунун жардамы менен угуусу олуттуу начарлаган балдардын сүйлөө, баарлашуу, толук кандуу билим алуу жана коомго аралашуу мүмкүнчүлүктөрү кыйла кеңейет. Алдыда Эмгек министрлиги жарандарды заманбап реабилитациялык каражаттар менен камсыз кылуу иштерин мындан ары да уланта турганын билдирди.
А.К., «КБ»



Комментарийлер