МАМЛЕКЕТ БАЛДАР ОНКОЛОГИЯСЫ ГОСПИТАЛДЫК МЕКТЕБИНИН МУГАЛИМДЕРИНЕ МАЯНА ТӨЛӨЙ БАШТАДЫ

  • 27.01.2025
  • 0

Госпиталдык мектеп – узак дарыланууга муктаж болгон балдардын үзгүлтүксүз билим алуусун камсыздоо үчүн оорукананын астында ачылган адистештирилген кабинет.

Эске сала кетсек, соңку төрт жыл бою «Жардам берүү оңой» фонду өз каражаттарынын эсебинен Оштогу мектептин мугалимдерине маяна төлөп келген.

МАМЛЕКЕТ БАЛДАР ОНКОЛОГИЯСЫ ГОСПИТАЛДЫК МЕКТЕБИНИН МУГАЛИМДЕРИНЕ МАЯНА ТӨЛӨЙ БАШТАДЫ

2024-жылдын декабрында Бишкек шаарында өткөрүлгөн госпиталдык мектептердин статусу боюнча форумда Оштогу госпиталдык мектептин мугалимдерине маяна төлөө маселеси көтөрүлгөн. Көп өтпөй маселе оң жагына чечилип, мамлекет мугалимдерге эмгек акы төлөй баштады.

Кыргызстандагы госпиталдык мектеп 2018-жылы “Жардам берүү оңой” фондунун демилгеси жана аракети менен ачылган. Азыр госпиталдык мектептер Бишкек, Ош шаарларындагы балдар онкологиясы бөлүмдөрүндө иштеп жатат.

Бөлүшүү

Комментарийлер