ӨМҮРБЕКТИН АЛТЫНГА ТЕТЕ КҮМҮШҮ, БИЛОЛДУН КОЛО БАЙГЕСИ
- 28.10.2025
- 0
27-октябрдын түнүндө Сербия өлкөсүнүн Нови Сад шаарында спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинки жаштар арасында дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды.
Бул дүйнө чемпионатынын акыркы күнүндө Кыргызстандын намысын коргогон 18 жаштагы Өмүрбек Асан уулу 23 жашка чейинки балбандар арасында 61 кг салмакта күч сынашып, финалга чейин жетип, күмүш медаль, 65 килограмм салмакта күч сынашкан Билол Шарип уулу коло медаль тагынды.

Өмүрбек Асан уулу алгачкы атаандашы кытайлык балбан Йонгчуан Луону 11:0 эсебинде артыкчылык менен уткан. Андан кийинки таймашууда Өмүрбек болгариялык Эрдал Галипти дагы 12:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда артыкчылык менен жеңип алды. Чейрек финалда болсо албаниялык Эндрио Авдулини дагы 12:2 эсебинде чеберчилигин, мыкты даярдыгын көрсөтүү менен утуп, спорт адистеринин көңүлүн бурду. Өмүрбектин жарым финалдагы атаандашы түркиялык Толга Өзбек болуп, аны дагы мөөнөтүнөн мурда 12:1 эсебинде артыкчылык менен жеңип, финалдык беттешүүгө жолун ачты.
Биринчи орун үчүн күрөштө Өмүрбектин атаандашы америкалык Жексен Форрестин болуп, абдан курч таймашуу болду.

61kg FS — Jaxen Patrick Forrest (USA) df. Omurbek Asan Uulu (KGZ)
Өмүрбек Асан уулу жакында эле Хорватияда өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында чейрек финалда Тайырбек Жумашбек уулун жеңген 19 жаштагы америкалык Жексон Патрик Форрест менен беттешүүсү күрөш күйөрмандарынын бүйүрүн кызытты. Өмүрбек өжөрлүгүн, каармандыгын көрсөтүп, акыркы демине чейин күрөштү. Эки ирет бутун атаандашына алдырып жибергени болбосо теңата таймашууда 17:14 эсебинде утулуп калып, күмүш байгелүү болду.
Өмүрбекти эркин күрөш дүйнөсүнө алып келип, күрөш ыкмаларын үйрөткөн биринчи устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Болотбек Ибраев мындай дейт:
-Өмүрбек Асан уулу келечегинен көптү үмүттөндүргөн таланттуу балбан. Ата-энеси Ак-талаа районунун болот. Атасы –Асан менен апасы Чолпон ардактуу эс алуудагы пенсионерлер. Өмүрбек алты бир туугандын эң кичүүсү. Төрт эжеси, бир агасы бар. Мен аны 1-класска баргандан жети жашынан баштап машыктыргам. Абдан тентек бала болгону менен күрөшкө дилгир болуп, намыскөй, аракетчил, өжөр эле. Менин үйүмдө да балдарым, неберелерим менен бирге жашап жүрдү. Алгач Нарын шаарындагы жатак мектепте окуп, андан кийин Нарындагы Жапар Чолпонбаев атындагы №10 орто мектепте 8-класска чейин билим алган. Учурда Бишкек шаарындагы Шералы Сыдыков атындагы республикалык спорттук колледжде экинчи курста окуп жатат. Учурдагы жеке машыктыруучусу Рүстөм Көчөрбаев.

61kg FS — Omurbek Asan Uulu (KGZ) df. Tolga Ozbek (TUR)
Өмүрбек былтыр 2024-жылы Иорданиянын Амман шаарында спорттук күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынып, дүйнө чемпиону аталган. Ал финалда азербайжандык Хусейн Исмаиловду 5:1 эсебинде утуп алган.
Иорданиядагы дүйнө чемпионатында Өмүрбек жалпы 4 атаандашын жеңген. Алгач 1/8 финалда жапониялык Ицуки Йонаширону 6:4, чейрек финалда украиналык Иван Залискону 11:0, жарым финалда АКШ балбаны Жордин Пол Рэйнини 12:6 эсебинде жеңип алган эле.
Өмүрбек Асан уулу 18 жашта. Ал 15 жашка чейинкилер арасында Азиянын бир жолку, 17 жашка чейинкилер арасында Азиянын эки жолку чемпиону болуп саналат. Бишкекте өткөн 23 жаштагылар арасындагы Азия чемпионатында коло байгелүү болгон. Ага теңтуштары “Түтүн” деген каймана ат коюп алышкан. Себеби, Өмүрбек абдан шамдагай болгондуктан, “атаандашынын түтүнүн чыгаргыча күрөшөт” дешип тамашалап калышат. Өмүрбек эми кечээки Сербиядагы дүйнө чемпионатынын финалдык беттешүүдө ортодогу калыс америкалык балбанга бир аз тартып койгон сыяктуу болуп калды. Биринчи бөлүк аяктаган секундадагы упайды атаандашына берип койду. Өмүрбектин манжаларын кармап, кайрып жатканын дагы көрмөксөн болду. Ушундай аракет, темп менен күрөшүп, Кудай колдосо келечекте дүйнө жана олимпиада чемпиону болсо деген тилектемин, -дейт биринчи устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Болотбек Ибраев.
БИЛОЛ ШАРИП УУЛУНУН КОЛО МЕДАЛЫ
Ал эми Сербиядагы дүйнө чемпионатынын 65 килограмм салмакта күч сынашкан Билол Шарип уулу америкалык Маркус Блейзди 4:2 эсебинде, грузиялык Николоз Бешидзени 12:11, казакстандык Рустем Толенди 10:0 эсебинде артыкчылык менен жеңип, жарым финалда өзбекстандык Умиджон Жалоловго утулуп, үчүнчү орун үчүн мөрөй талашты. Коло байге үчүн таймашууда кыргыз балбаны Билол Шарип уулу азербайжандык атаандашын 1 минута 57 секундда 10:0 эсебинде мөөнөтүнө мурда артыкчылык менен утуп алды. Ошентип Билол жаштар арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды. Ал 17 жана 23 жаштагылар арасында Азия чемпиону болуп саналат. Ошондой эле 17 жаштагылар арасында дүйнө чемпионатынын финалына чейин жетип, күмүш байгелүү болгон.

65kg FS — Bilol Sharip Uulu (KGZ)
Ошентип кыргызстандык балбан кыздарыбыз жана жигиттерибиз Сербияда өткөн спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинки жаштар арасында дүйнө чемпионатындагы таймашууларын жыйынтыкташты. Натыйжада кыздар күрөшүндө Нурзат Нуртаева дүйнө чемпиону аталып, алтын медаль тагынса, Гүлнур Таштанбекова 3-орунду ээлеп, коло байгелүү болду. Кайыркүл Шаршебаева 5-орунду камсыз кылды. Эркин күрөш боюнча Өмүрбек Асан уулу –күмүш медаль тагынып, Билол Шарип уулу коло байгелүү болду. Бул кыргызстандык балбандар үчүн дүйнөлүк күчтүү мамлекеттер менен таймашуудагы мыкты ийгиликтери болуп саналат.
Кабыл Макешов,
спорттук баяндамачы, “Кут Билим”
Комментарийлер