ӨЛКӨНҮН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫ ООР ЖОГОТУУГА УЧУРАДЫ

  • 30.01.2025
  • 0

Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагы оор жоготууга дуушар болду, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дюшеналиева Ажаркүл Абдыкадыровна 55 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышты.

ӨЛКӨНҮН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫ ООР ЖОГОТУУГА УЧУРАДЫ

Ажаркүл Абдыкадыровна 1970-жылы 29-январда Нарын районундагы Казан-Куйган айылында жарык дүйнөгө келген. 1977-1985-жылдары Нарын районунун Жер-Көчкү айылындагы Баймоңол Кыязов атындагы мектепти бүтүргөн. Ушул эле жылы Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайга тапшырып, аны 1989-жылы аяктаган.

Эмгек жолун 1989-жылы Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы мектепте башталгыч класстардын мугалими болуу менен баштаган. 1990-жылдардан тартып 2002-жылга чейин “Сорос Кыргызстан” фонду менен үзүрлүү иштешкен. 2002-жылдан 2011-жылга чейин Нарын облустук Кыргыз-Щвейцар агродолбоорунда Нарын району боюнча аялдар кеңешчиси болуп эмгектенген. 2011-2013-жылдары «Мөл булак» микрокредиттик компаниясында кредиттик адис, региондун директору кызматтарын аркалаган. 2013-жылы билим берүү тармагына кайтып келип, Ат-Башы районундагы Апыш Койчуманов атындагы орто мектептин директору болуп дайындалган. Ушул эле жылы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары кызматына дайындалып, 2020-жылга чейин үзүрлүү эмгектенген. 2020-2024-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө башкы адис болуп иштеген. 2024-жылдын январь айынан тартып көзү өткөнгө чейин Нарын шаардык билим берүү бөлүмүн жетектеп келди.

Ажаркүл Абдыкадыровна кайсы тармакта иштебесин, анын тармакка сиңирген эмгеги кесиптештери жана өлкө жетекчилиги тарабынан өз баасын алган. Өрнөктүү өмүр жолунда ал “Билим берүүнүн мыктысы”, “Муниципалдык кызматтын мыктысы”, “Социалдык кызматтын мыктысы”, “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгилери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын эстелик сааты менен сыйланган жана ага «Нарын районунун ардактуу атуулу», «Ат-Башы районунун ардактуу атуулу” наамдары ыйгарылган.

Ажаркүл Абдыкадыровна өз милдетин так аткарган, жоопкерчиликтүү, позитивдүү, адамгерчиликтүү, ачык-айрым, боорукер инсан катары кесиптештеринин эсинде калды.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер