3 000ден ашык STEM мугалими квалификациясын жогорулатууда

  • 14.01.2025
  • 0

Тренингдердин 4-этабы ушул жылдын 8-январында башталган. Курстар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан Азия өнүктүрүү банкы каржылаган “Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда.

3 000ден ашык STEM мугалими квалификациясын жогорулатууда

Буга чейинки этаптар 10 000ге чукул мугалимди камтыган.

Заманбап методикалар мугалимдерге окуучуларды STEM сабактарына болгон кызыгуусун арттырууга, билим берүү процессине активдүү тартууга, алардын сынчыл ой жүгүртүүсүн жана өз алдынча изилдөө жүргүзүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берет.

3 000ден ашык STEM мугалими квалификациясын жогорулатууда

Курстардын негизги багыттары:

Математика: курстар окуучулардын математика боюнча терең концептуалдык түшүнүгүн калыптандырууга, математикалык моделдештирүү жана эсептөө ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган. Бул ыкмалар окуучуларга теориялык принциптерди гана өздөштүрбөстөн, аларды реалдуу жашоодо колдонууну үйрөнүүгө жардам берип, математиканы көбүрөөк түшүнүктүү жана кызыктуу кылат.

3 000ден ашык STEM мугалими квалификациясын жогорулатууда

Табигый илимдер: окутуу 5E модели боюнча жүргүзүлөт, ал беш этап аркылуу окуучуларды активдүү тартат — Кызыктыруу (Engage), Изилдөө (Explore), Түшүндүрүү (Explain), Кеңейтүү (Elaborate) жана Баалоо (Evaluate). Бул ыкма окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн жана өз алдынча изилдөө жүргүзүү жөндөмдөрүн өнүктүрөт, аларга илимий процесстерге аралашып, билимди активдүү катышуу жана практикалык тажрыйба аркылуу өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Өлкөнүн бардык аймактарын камтыган тренингдерди квалификациялуу мастер-тренерлер өткөрүүдө.

3 000ден ашык STEM мугалими квалификациясын жогорулатууда

Бөлүшүү

Комментарийлер