ӨЛКӨБҮЗДӨ ИНКЛЮЗИВДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ИШКЕ АШУУДА
- 26.02.2020
- 0
Жыл жыйынтыгын талкууга алган Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков республикада инклюзивдүү билим берүүнү ишке ашыруу боюнча арымдуу аракеттер жасалып жатканын белгиледи.
— Бизде «Инклюзивдик билим берүүнү 2019-2023 – жылдары өнүктүрүү концепциясы» кабыл алынды. Ушул концепцияга ылайык «Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү программасы» иштелип чыгып, аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы бекитилди, -деп айтты Каныбек Исаков.
Колдогу маалыматтарга карасак, 2019-жылы жалпы билим берүү мектептеринде үч коррекциялык класстар ачылып, аларга 47 мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тартылган. 2019-жылдын сентябрь айынан баштап, мугалимдердин билимин өркүндөтүү институттарында инклюзивдик билим берүү боюнча атайын программадагы курстар ачылган. Өлкөбүздөгү 14 атайын мектептерде 2534 мүмкүнчүлүгү чектелген бала билим алууда.
— Балдарды үйдө индивидуалдуу окутуу жобосу иштелип чыгып, учурда 1353 бала өз үйлөрүндө окутулууда, — деди министр.
А.Алибеков, «Кут Билим»
Комментарийлер