КЫЗМАТТАШТЫКТЫН АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕСИ

  • 26.01.2022
  • 0

Кечээ Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине Казань шаарынан «Энергоразвитие» компаниясынын башкы директору Газетдинов Раил (Татарстан) баштаган делегация жана Жогорку Кеңештин депутаты Төлөнов Данияр келип, кызматташтык боюнча бир катар маселелерди талкуулашты.

Конокторду университеттин ректору Абдыкалыков Акымбек кабыл алып, Кыргызстан менен Татарстандын ЖОЖдорунун ортосундагы кызматташтык маселелери, адистерди даярдоонун сапатын ар тараптан жакшыртуу, университет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсү маселелери көтөрүлдү. Тараптар университеттин өндүрүш жана практика менен байланышын чыңдоо, квалификациялуу жана компетенттүү адистерди даярдоодо оң натыйжа берерин белгилешти. Соңунда компаниянын өкүлү «Энергоразвитие» компаниясынын журналдарынын сериясын ректорго тапшырды.

Бөлүшүү

Комментарийлер