КЫЗДАРЫ КЫЙЫН КЫРГЫЗДЫН… АЙСУЛУУ МЕНЕН АЙПЕРИНИН АЛТЫН МЕДАЛЫ

  • 15.01.2024
  • 0
КЫЗДАРЫ КЫЙЫН КЫРГЫЗДЫН…  АЙСУЛУУ МЕНЕН АЙПЕРИНИН АЛТЫН МЕДАЛЫ

62kg WW — Aisuluu Tynybekova (KGZ) df. Kayla Colleen Kiyoko Miracle (USA)

12-январда  дүйнөнүн үч жолку чемпиону, кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Хорватияда өткөн Zagreb Open рейтингдик эл аралык мелдешинде алтын медалды утуп алган. 62 кг чейинки салмак ченинде ал финалда АКШдан келген балбан кыз Кайла Мираклды 7:0 эсебинде утуп, баш байгенин ээси болду.

Бул Айсулуу Тыныбекованын 2024-жылдагы биринчи эл аралык турнири.

Айсулуу  былтыр 22-сентябрда Белградда өткөн дүйнө чемпионатында үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болуп, Париж Олимпиадасына жолдомо уткан.

Ошол эле жылдын апрель айында Астанада болгон Азия чемпионатында да алтын алып, кыз-келиндер күрөшү боюнча беш жолу Азия чемпиону аталган алгачкы кыргызстандык балбан кыз болуп калды. Өткөн жылы Венгрияда, Египетте өткөн эл аралык рейтингдик мелдештерде да алтын медаль тагынды. Октябрь айында XIX Азия оюндарында коло байгелүү болгон.

30 жаштагы Айсулуу Тыныбекова  Токио Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын, бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси болуп саналат.

Ошондой эле 14-январда Хорватиядагы Zagreb Open рейтингдик мелдешинде 76 килограмм салмакта кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы финалда Кытайдан келген балбан кыз Хуан Ваны 2:1 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.

Айпери Медет кызы 1/16 баскычындагы күрөшүндө орусиялык Рита Талисманованы уткан. Андан кийин канадалык Жюстин Ди Стасиону артыкчылык менен жеңген.

Чейрек финалда 1 мүнөт 55 секундда дүйнөнүн алты жолку чемпиону, Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, америкалык Аделина Грейди 10:0 эсеби менен жеңип алды. Дал ушул Аделина Грейден Айпери Медет кызы 2021-жылы Жапонияда жарым финалда бир упай менен утулуп калган. Ошентип, кыргызстандык балбан кыз бул ирет өчүн алды.

КЫЗДАРЫ КЫЙЫН КЫРГЫЗДЫН…  АЙСУЛУУ МЕНЕН АЙПЕРИНИН АЛТЫН МЕДАЛЫ

76kg WW — Aiperi Medet Kyzy (KGZ) df. Adeline Gray (USA)

Жарым финалда Айпери Медет кызы француз Полин Лекарпент менен күрөшүп, аны 5:0 эсеби менен утуп, финалга чыккан.

Айпери Медет кызы былтыр 6-октябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн XIX Азия оюндарында алтын медалга жетип, Азия оюндарынын чемпиону аталган. Айпери 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында коло медалга ээ болгон.

Ал эми 2023-жылдын сентябрында Сербиянын Белград шаарында өткөн дүйнө чемпионатында күмүш медаль утуп, быйыл Парижде өтө турган Олимп оюндарына жолдомо уткан.

Ушул тапта 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде беш жолдомо бар. Былтыр грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. Андын тышкары сууда сүзүүчү Денис Петрашов да Жапонияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында Олимпиадага катышууга лицензия уткан.

Бөлүшүү

Комментарийлер