КЫРГЫЗСТАНДЫН КУРАМА КОМАНДАСЫНЫН КУРЖУНУНДА КОЛО МЕДАЛЬ
- 12.07.2023
- 0
Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Данияр Гаипов биология боюнча 34-Эл аралык олимпиадада (International Biology Olympiad, IBO) коло медаль жеңип алды.
Аталган олимпиада 3-июлдан 11-июлга чейин Бириккен Араб Эмиратынын Аль-Айне шаарында өтүп, ага 79 өлкөдөн 297 окуучу катышты.
Олимпиадага катышуучу ар бир өлкөдөн төрт окуучудан турган курама команда жиберилген.
Кыргызстандын курама командасы:
- Эльбрус Тажибаев – команданын лидери жана IBO калыстар тобунун мүчөсү;
- Даян Мэлисов – машыктыруучу жана IBO калыстар тобунун мүчөсү;
- Байзак Карыпжанов, “Манас Ата” Талас лицейи, 10-класс;
- Алай Алмазов, М.Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 11-класс;
- Данияр Гаипов, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-класс;
- Азирет Анварбеков, Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи, 10-класс.
Биология боюнча Эл аралык олимпиада (International Biology Olympiad) — 15 жаштан 21 жашка чейинки мектеп окуучуларынын ортосундагы биология боюнча илимий жарыш.
Ал 1990-жылдан тарта жыл сайын июль айында өткөрүлүп келет. Кыргызстан бул олимпиадага 1994-жылдан бери катышат. Мындан сырткары Кыргызстандын алты окуучудан турган математика боюнча курама командасы Японияда өткөн математика боюнча 64-Эл аралык олимпиадага катышып келди.
Курама команда жалпысынан 79 упай топтоп, бирок медалга жетпей калды. Алты окуучу олимпиадага катышкандыгы үчүн грамоталар менен сыйланды.
Кыргызстандын курама командасынын жыйынтыгы:
- Корнияш Фёдор, Б. Якирдин атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи, 7-класс – 17 упай;
- Асанкадыров Айдин, Б. Якирдин атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи, 9-класс – 15 упай;
- Дүйшөбаев Нуртилек, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – 13 упай;
- Бобрус Ян, “Газпром Кыргызстан” мектеби, 7-класс – 12 упай;
- Искандеров Эльдар, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – 11 упай;
- Аскербеков Тилек, “ЮВИС” (UWIS) Эл аралык мектеби, 12-класс – 11 упай.
Комментарийлер