КЫРГЫЗСТАНДЫК УНИВЕРСИТЕТ ЖОЖдордун ДҮЙНӨЛҮК РЕЙТИНГИНЕ КИРДИ
- 13.06.2022
- 0
8-июнда Quacquarelli Symonds рейтинги жарыяланды. Быйылкы жылдын жыйынтыгында Кыргыз-Түрк “Манас” университети QS (Quacquarelli Symonds) версиясы боюнча дүйнөнүн 1422 мыкты университетинин рейтингинде 801-орунду ээледи.
Кыргыз-Түрк “Манас” университети 1995-жылы Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуунун негизинде түзүлгөн мамлекеттик жогорку окуу жай болуп саналат.
Буга чейин 2021-2022-жылдагы изилдөөгө ылайык, Борбордук Азиядагы Америка университети Европа жана Борбор Азиядагы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн университеттеринин рейтингинде 138-орунду ээлеген.
Быйыл QS (Quacquarelli Symonds) рейтингинде Массачусетс технологиялык институту биринчи, Кембридж университети экинчи, Стэнфорд университети үчүнчү орунда ээледи.
QS (Quacquarelli Symonds) университеттерди төмөндөгүдөй критерийлер боюнча баалайт:
- жогорку окуу жайдын академиялык кадыр-баркы (Academic Reputation) – 40%
- окуу жайдын жумуш берүүчүлөр арасында аброю (Employer Reputation) – 10%
- окутуучулар менен студенттердин санынын катышы (Faculty/Student Ratio) – 20%
- окутуучулардын илимий иштерине шилтемелердин индекси (Citations per faculty) – 20%
- чет өлкөлүк окутуучулардын үлүшү (International faculty ratio) – 5%
- чет өлкөлүк студенттердин үлүшү (International student ratio) – 5%
Quacquarelli Symonds рейтинги университеттердин эң көп көрүлгөн дүйнөлүк рейтингинин үчилтигине кирет.
Комментарийлер