9-класстын ОКУУЧУСУ ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕР БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА 3-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ
- 09.12.2024
- 0
2024-жылдын 5-12-декабрында Ленкорань шаарында (Азербайжан) өспүрүмдөр арасындагы табигый илимдер боюнча «Таланттарды даярдоо лабораториясы — 2024» VII эл аралык олимпиадасы өтүүдө.
Олимпиадага Азербайжан, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Грузия, Өзбекстан, Тажикстандын жана Беларусь Республикасынын мектеп окуучулары катышууда.
Олимпиаданын күндүзгү туру 3 предмет — физика, химия жана математика боюнча тапшырмалардан турат.
Олимпиаданын алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталды. Бишкек шаарындагы № 70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп-гимназиянын 9-классынын окуучусу Султан Мусаходжаев 3-орунду ээледи. Окуучунун машыктыруучусу — математика боюнча Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучусу Мамат Ишматов.
Бөлүшүү
Комментарийлер