КЫЗДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

  • 13.01.2025
  • 0

Исламабадда (Пакистан) мусулман жамааттарында кыздардын билим алуусуна арналган эл аралык конференция өттү. Иш-чарага мусулман өлкөлөрүнүн министрлери, эксперттер жана эл аралык уюмдар катышты.

КЫЗДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

Иш-чарада мусулман жамааттарында кыздардын билим алуусундагы кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр талкууланды.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билим берүүдө гендердик теңчилик жаатындагы жетишкендиктер, анын ичинде STEM багыттарын өнүктүрүү жана кыздардын билим алуусундагы тоскоолдуктарды жоюу чаралары менен тааныштырды.

КЫЗДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Жогорку билим берүү комиссиясы жогорку билим берүү тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

КЫЗДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

Бөлүшүү

Комментарийлер