Кыргызстандык боксчу өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону болду

  • 09.09.2024
  • 0

Кыргызстандык өспүрүм Камил Шар Бириккен Араб Эмираттарынын Аль-Айн  шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде  алтын медаль утту. Бул байгелүү орун менен, ал бокс боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиону аталды. Спортчу 67 кг га чейинки салмакта күрөшкөн.

Анын алгачкы атаандаштары Өзбекстандык жана Ирандык мушкерлер болсо, финалда Украиналык спортчуну утуп чыкты.

Белгилей кетсек, бул чемпионатка Кыргызстандан жалпы 15 мушкер катышкан. Анын ичинен 10 спортчу байгелүү орундарга жетти. Өлкөбүздүн капчыгына 1 алтын, 2 күмүш жана 7 коло медаль түштү. Башкы машыктыруучусу Медер Мамакеев.

Азия чемпионатына жалпы 26 мамлекеттен 13-14 жашындагы боксчулар катышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер