КЫРГЫЗСТАНДА ОКУУЧУЛАР ҮЧҮН ИЛИМ, ТЕХНИКА ЖАНА ӨНДҮРҮШ ЖУМАЛЫГЫ ӨТӨТ

  • 07.02.2020
  • 0

Кыргызстанда окуучулар үчүн илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өтөт

Билим берүү жана илим министрлиги «Алтын түйүн» Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы менен биргеликте 10-февралдан 14-февралга чейин мектеп окуучулары үчүн илим, республикалык техника жана өндүрүш жумалыгын өткөрөт. Иш чара “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында уюштурулуп жатат.

Жумалыктын максаты — балдардын аң-сезимин кеңейтип тим болбостон, аларды табигый-математикалык дисциплиналарды жана техникалык багыттагы кесиптерди өздөштүрүүсүнө, аталган багыттарга кызыктыруу болуп саналат.

Иш чаранын салтанаттуу ачылышы Кыргызстандын бардык билим берүү мекемелеринде өтөт. Бир апта бою окуучулары үчүн Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары менен жолугушуулар, “Технопаркка” жана илимий-изилдөөчүлүк институттарга экскурсиялар, Б.Н. Ельцин ат. КРСУнун, И.Раззаков ат. КМТУнун, ОшТУ, ОшМУ жана башка өлкөбүздүн алдыңкы окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамы менен тегерек столдор, дүйнөлүк илим жана техниканын жетишкендиктери жөнүндө лекторийлер, изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук олбоорлордун конкурстары, интеллектуалдык оюндар жана викториналар болот.

12-февралда, окуучулар бүтүндөй өлкө боюнча өнөр жай ишканаларына, фабрикаларга, заводдорго жана өнөрканаларга окуучуларды технологиялык процесстер жана техникалык адистиктер менен тааныштыруу үчүн экскурсиялар өткөрүлөт. Ал эми республиканын аймактардагы балдары өз областтарындагы ишканаларына барышат.

Жумалыктын жаркын окуясынын бири — “Илим+Ойлоп табуу=Техника” Республикалык илимий-техникалык олимпиадасы эсептелет. Ал 12 жана 13-февралда Улуттук илимдер академиясынын Диссертациялар залында өтөт. Ага Кыргызстандын бардык областтарынан 20 команда катышат, бул – 100дөн ашуун адам. Бул жылы  балдар “Катаал (түз эмес) адырда транспорт каражатынын кыймылын башкаруу” темасына өзүнүн жеке долбоорун түзүүгө тийиш.

Жумалыктын жыйынтыгын чыгаруу 14 февралда болот. Анда ИТО жеңүүчүлөрүн сыйлоо, КР ББИМ Өтмө кубогун тапшыруу, БРИТА “Алтын түйүндүн” тарбиялануучуларына “Жаш академик” ардак наамын ыйгаруу жана окуудагы өзгөчө ийгиликтери үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан ыйгаруучунун атындагы стипендия тапшырылат.

Республикалык окуучулардын Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы – бул, өлкөнүн экономикалык өнүгүү жана гүлдөп-өсүүсүнө негиз болгон өсүп келаткан жаштарды илимий жана өнөр жай турмушуна түптөө үчүн кубаттуу импульс.

 Билим берүү жана илим министрлигинен басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер